COVID-19 лабораториялык жактан тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын саны 3232 түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, бейтаптар менен байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндү өзгөрүшү мүмкүн. Ал эми обсервацияда 828 адам жатат.
Белгилей кетсек, республика боюнча 769 адам коронавирус инфекциясын жугузуп алган. Анын ичинен 527 адам оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Сегиз адам оорудан улам каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ