Бүгүн, 3-майга карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош шаарынын, Жалал-Абад шаарынын, жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 21.00 эртең мененки 06.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 110 жаран жеткирилди.
Алардын ичинен: Бишкек шаары– 92, Ош шаары -9, Жалал-Абад шаары-3, Ат-Башы району-6. Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында
4165 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.
Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 336 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.
ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ