Menu

Көчмөндөр оюндарына коопсуздук катуу көзөмөлдөнөт

Бөлүшүү:

Быйыл, 2018-жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн аймагында үчүнчү ирет Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөт эмеспи. Учурда бул эл аралык деңгээлдеги маданий-спорттук иш чарага кыргыз өкмөтү тарабынан түзүлгөн катчылык тарабынан каттуу даярдыктарды көрүлүүдө. Мурда катышкан өлкөлөрдүн баардыгына чакыруу жөнөтүлүп, жаңы делегациялар да келиши күтүлүүдө. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ошол эле учурда Кыргызстанды алыс-жакын аймактарга таанытуу да болуп саналат. “Эки иштен бир иш” деп, бул ирет кыргыз бийлиги акыркы эки жылдан бери экспрезидент А.Атамбаевдин айрым боордош өлкө башчыларынын дарегине тескери сүйлөп койгон сөздөрүнөн улам, Түркиянын президента Р.Эрдогандын катышуудан баш тарткандыгынан улам-улам артка жылдырылып келаткан Түрк кызматташтык кеңешинин саммита да ушул иш чаранын ар жак-бер жагында өткөрүлмөкчү. Ага Р.Эрдоган келе тургандыгын билдирип, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын да көрүп кетмекчи. Жогорку деңгээлдеги бул жана башка коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өткөн жумада өкмөттүк жыйын болуп, вице-премьер-министр Же-ниш Разаков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыздоо боюнча штабды жетектөө милдети жүктөлдү. Ошондой эле ИИМ, УКМ, ӨКМдин жетекчилери штабдын жетекчисинин орун басарлары болушту. Аталган штабдын милдети жарандардын жана коңоктордун коопсуздугун камсыз кылуу, күч органдарынын ишин координациялоо болуп саналат. Ылайым эле жалпы элибиз менен мамлекетибиздин атын алыска, даңкын далайга чыгара турган мааракебиз тынч өтсүн.

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: