Menu

Жогорку сот абакта жаткан Алмазбек Атамбаев кандай шартта бошотулаарын айтты

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эркиндикке чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу КР Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Алмазбек Атамбаевге карата баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси Биринчи май райондук сотунда кылмыш иши кайрадан каралып жатканда, анын кызыкчылыгын коргогон адвокаттары өтүнүч менен кайрылса чечилиши мүмкүн” – деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин адвокат Сергей Слесарев Алмазбек Атамбаев жакында абактан бошотулушу мүмкүн экенин билдирген. Анын айтымында, Жогорку сот чыгарган чечиминде баш коргоо чарасы тууралуу айткан эмес.

Белгилей кетсек, кечээ Жогорку сот Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: