Menu

Түркмөнстанда окуучулар арасында COVID-19 жуктурган учурлар көбөйдү

Бөлүшүү:

Ашхабад

RFE/RL радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары Ашхабадда коронавирус инфекциясын жуктурган кишилердин көбөйгөнүн билдирүүдө.

RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы Ашхабаддын бир нече райондорунда мектеп окуучуларынын арасында да коронавирус инфекциясы аныкталганын жазды.

Күн мурун Ашхабаддагы №32 мектепте окуучу кызды сабак маалында инфекциялык ооруканага алып кетишкен. Дене табы кескин көтөрүлүп, дем ала албай, жөтөлү күчөгөн.

№42 мектепте кеминде эле эки окуучудан коронавирус аныкталган. Бул маалыматты редакция билим берүү мекемелериндеги өз булактары аркылуу тастыкташкан.

RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы мектеп окуучуларынын арасында вирус аныкталып жатканы боюнча тиешелүү мекемелерден расмий маалымат ала алган жок. Түркмөнстан өлкөдө коронавирус бар экенин моюндай элек.

Мугалимдердин, окуучулардын жакындарынын айтымында, COVID-19дун белгилери бар балдарды дароо ооруканага жаткырышып, тест жүргүзүшөт. Бирок жыйынтыктары айтылбайт.

Ошол эле маалда көпчүлүк элдик медицинанын жардамы менен дарыланууда. Ушул тапта иттин майы менен адырашман “популярдуу” болуп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: