Конституциянын жаңы долбоорун окуп чыктым. ЖКнын таптакыр легитимсиз 6-чакырылышы бүгүн Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоого чыгарды. 6-чакырылыш Конституцияны өзгөртүүгө юридикалык дагы, конституциялык дагы, легитимдүү дагы, моралдык дагы укугу жок! ” – деп жазды саясат таануучу Сания Токтогазиева Facebook социалдык тармагындагы баракчасына.
“Шайтан майда иштерде жашынат! Элдик бийлик сыяктуу кооз сөздөрдү жамынып алып, бул долбоор толугу менен супер-президенттик башкарууну сунуштап жатат. Чөнтөк парламент жана “дежурный” элдик курултай менен президенттин айланасында бийликтин абсолюттук централизациясы орнотулган. Октябрдын башындагы элдик толкун ушундай натыйжа үчүн болгон эмес. Кыргызстандын тарыхындагы эң уятсыз, принципсиз жана кошоматчы ЖКнын 6-чакырылышы бизди авторитаризмге алып баруучу таптакыр жаңы Конституцияны таңуулап жатат” – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ