Интернет талаасында, өзгөчө Фейсбук баштаган социалдык түйүңдөрдө бийлик жана каршылаштарынын тиреши ар дайым жүрүп келет. Дегенибиз, соңку бир жумада оппозициялык күчтөр Акүйдүн жактоочуларын, пиаршиктерин утуп койду. Билинбегени менен бул жагы өтө маанилүү. Коомдук пикир түзүлүп, бийликке каршы элдин тескери маанайы жаралууда. Анүстүнө, барган сайын интернет колдонуучулар тездик менен арбып баратат. Бул жагына олуттуу көңүл бурулбаса, күздөгү президенттик шайлоодо КСДПдан чыккан бийликчил талапкер көпчүлүккө жагымсыз көрүнүп, утулуу ызасын тартып калбайбы?
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ