Menu

Нурматов: Кыргызстандагы коронавирус жугузгандардын 67% оорунун сырткы белгилери болгон эмес

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы коронавирус илдетине чалдыккан адамдардын 67% оорунун сырткы белгилери болгон эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу, профилактикалык медицина борборунун вирусологу Зуридин Нурматов 3-майда брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) көрсөткүчтөрүнө дал келет:

“Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жыл башында эле коронавирус айрым адамдарда симптомсуз өтүп кетүүсү ыктымалдыгын, 65% адамдар өзүндө вирус бар экенин билбей, башкаларга жуктуруп жүрө бериши ыктымал деп билдирген. Биздеги дарыгерлердин берген көрсөткүчүндө вирус жуктуруп алган адамдардын 67% оорунун эч кандай белгисин сезген эмес. Ошондуктан айрым ооруканага жаткырылган мекендештерибиз “оорубасам деле жаткырып коюшту” деп доомат кылып жатышат, алар туура түшүнүшү керек. Оору жуктуруп алганын билбей, элди аралап жүрө бериши мүмкүн, ошондуктан аларды ооруканага жаткыруу зарыл”.

Зуридин Нурматов оорунун белгилери болбогон адамдар бүгүн деле арабызда жүрүшү ыктымал деп кошумчалады.

3-майга карата Кыргызстанда коронавирус 795 адамдан аныкталды. Он киши оорудан көз жумду. 564 адам илдеттен айыкты. Коронавирус аныкталган 495 адамдын 207си медицина кызматкерлери. Алардын 139у сакайып чыкты. Бир доктур көз жумду.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган алгачкы үч адам 18-мартта катталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: