Menu

Бишкекте күндүзгү стационарда иштеген 22 жаштагы студент кыз каза болду

Бөлүшүү:

Бишкекте күндүзгү стационарда иштеген Kыргыз мамлекеттик медицина академиясынын 5-курсунун студенти, 22 жаштагы Адинай  Мырзабекова көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда маркумдун кесиптеши билдирди.

Ал стационарлардын бириндеги абалы орто жана жеңил бейтаптарды тейлеп иштеп жаткандыгына 11 күн болгон. 14-июлга караган түнү жумуш аяктагандан кийин эс алганы жатып, ошол бойдон өзүнө келбей каза болгон.

“Менин жакын досум, аябай жакшы адам каза болду. Биз аны сактап кала алган жокпуз. Дарыгерлер талыкпай иштеп, жумуш ордунда каза болуп жатышканын билишсин деп бул кайрылууну жасап жатам” – дейт маркумдун кесиптеши.

Ошондой эле ал жетекчилик өлүмдүн себебин жашырууга аракет кыла турганын белгилеп, элди аларга ишенбөөгө чакырды.

“Алар баарын бизге шылтоого аракет кылышат. Алар бизди эч кандай эпидемиологиялык нормаларды сактаган жок, коргочуу костюмдарды кийген эмес деп айтышат. Биз аларды кийип жүргөнбүз, муну бардык бейтаптар тастыктап бере алат. Биз Саламаттыкты сактоо министрлигинин протоколунда айтылгандарды так аткардык” – дейт медкызматкер.

Ал маркум коронавирус, пневмония жана башка ушул сыяктуу оорулар менен ооруган эместигин айтат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: