Menu

Москвадан Бишкекке дагы 372 кыргызстандык учуп келет

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-майда Москвадан Бишкекке чартердик каттам менен дагы 372 кыргызстандык жаран учуп келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Бул каттам менен 319 кош бойлуу келин жана жаш балалуу 53 аял жөнөтүлдү.

“Бул каттамга 26 жаран бизнес-класстан билет сатып алган: алар негизинен бейтаптар жана жакындарынын тажиясына катыша турган аялдар. Мындан тышкары орус тараптын суранычы менен каттамга Орусиянын беш жараны кошулду”, деп айтылат билдирүүдө.

Дарыгерлердин бүтүмү менен көз жарганы калган 33 жана жаңы эле төрөгөн эки аялдын учуусуна уруксат берилген жок.

Элчиликтин маалыматына караганда, дагы 1500дөн ашуун оорулуу жарандар, кош бойлуу аялдар, улгайган кишилер жана өспүрүмдөр үйлөрүнө кетүү үчүн кезекте турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: