Menu

“Центерра” Кумтөргө кайрадан кызыкты

Бөлүшүү:

Буга чейин ар кандай талаш тартыш жана кен казылган аймактарда алтындын көлөмү мурдагыга караганда азайып баратканынан улам “Центерра” компаниясы кыргыз тарапка төлөнүүчү каржы булактарынын көлөмүн азайтууну көздөп келишкен. Ал турсун алар ишин токтотуп кызыккан компанияга сатып кетишээри да айтылган болчу. Бирок, “Центерра” аталган кенден кетмек тургай, алтын курларынын булактарынын жаңы жактарын изилдөөгө киришкени байкалууда. Кумтөр кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясы кендеги чалгындоо иштерине быйыл көбүрөөк каражат бөлгөнү айтылууда. Компаниянын директорлор кеңеши кен-дин аймагындагы чал-гындоо иштерин жүргүзүүгө кошумча 6 миллион доллар бөлгөнү маалым болду. Мындай аракет алдыдагы алты жылда толугу менен жабылат деп айтылган кенде алтындын жаңы корун аныктоо максатын көздөйт.

Канадалык компаниянын Кыргызстандагы ишканасы – «Кумтөр Голддун» өкүлү Мирлан Кимсановдун айтымында, кенди чалгындоого акыркы жылдары жалпысынан 1 миллиард 680 миллион сом бөлүнгөн.

2018-2019-жылдарга карата кенде геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө 18 миллион доллар бөлүнгөн. Быйыл болсо анын үстүнө дагы 6 миллион доллар кошумча бөлүндү. Мындай жол менен «Центерра Голд» компаниясы изилдөө жүргүзүп, Кумтөрдүн иштөө мөөнөтүн узартууга аракет кылып жатат. Геологиялык чалгындоо мына ушуга багытталган. Буга чейин кыргыз өкмөтү Кумтөр 2026-жылы жабыларын жарыялаган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ага чейин өкмөт Кумтөргө болгон экономикалык жактан көз карандылыкты толугу менен жоюунун үстүнөн иштей турганын кабарлаган.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: