Menu

Ысык-Көл жолун оңдоо 2 млрд. сомго өстү

Бөлүшүү:

Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолунун бүтүшү чубактын кунундай эле чубалды окшойт. Бир карасаң жумушчулары нааразы болуп, бир карасаң жергиликтүү жашоочулар, анан эле “акча бербей жатат” деп компаниянын өкүлдөрү өздөрү да нааразы. Жолду оңдоо иштери бир нече жылдан бери жүргүзүлүп келет. Анын айынан Темир Сариев өкмөт башы кызматынан кеткен. Укканыбызда, Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду жолун быйыл бүткөрүү пландалып жатыптыр. Транспорт жана жолдор министрлиги билдиргендей Балыкчыдагы айланма жолго коммуникациялар менен түтүктөр орнотулуп жатканын билдирди. Трассанын курулушуна дагы кошумча 500 миллион сом керектелүүдө. Бул каражат буга чейинки долбоордо көрсөтүлгөн эмес. Жолду реконструкциялоого сарптала турган каражаттын көлөмү 8 миллиард 785 миллион сомго (алгачкы планда 6 миллиард 803 миллион сом болчу) өскөнүн белгилүү болду.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: