2018-жылдын 23-июлунда Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Саясий иштер бөлүмүнүн жетекчиси Розмари ДиКарло айым менен жолугушуусу болуп өттү. Бул туралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдайт.
М.Молдоисаева региондук жана глобалдык суроолор боюнча кыргыз тараптын сунуштарын, ошондой эле Кыргызстандагы саясий жана экономикалык кырдаал тууралуу маалымат берди. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы натыйжалуу кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары да кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү үчүн биргелешип иштөөгө даяр экендигин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ