Menu

Нурбек Алымбеков Тайванга жасаган сапары үчүн Жогорку Кеңештин вице-спикерлик кызматынан кетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-декабрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда спикер Чыныбай Турсунбеков анын орун басары Нурбек Алымбеков (“Кыргызстан”) баштаган депутаттык делегация эч ким менен кеңешпей туруп Тайванга визит жасап, 21-декабрда Тайвандын парламентинин спикери Су Цзячуан менен жолугушканын билдирди.

Тайвандын Борбордук маалымат агенттигинин билдиргенине караганда Нурбек Алымбеков баштаган делегация Тайвандын спикери менен парламенттик ишмердик,  демократиялык процесстердин өнүгүшү тууралу жана эки өлкөнүн ортосунда кызматташууну калыптандыруу зарылдыгы боюнча сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

Бул жолугушуу Кыргызстандын “Тайван маселеси” боюнча Кытай менен кол койгон документтериндеги баардык расмий позицияларын бузган.

Кыргызстан буга чейин Кытай менен түзгөн келишимдерде Кыргызстан дүйнөдө 1 гана Кытайды тааныйт, Тайван Кытайдын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Кытай Эл Республикасынын өкмөтү Кытайдын жападан жалгыз мыйзамдуу өкмөтү деп таанып келген.

КР Жогорку Кенешинин вице-спикери кызматы бул Кыргызстандын саясый жетекчилеринин категориясына кирет. Анын үстүнө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда түзүлгөн, “Тайван маселеси” камтылган келишимдердин баарын КР Жогорку Кеңеши ратификациялаган жана мыйзамдын күчүнө ээ. Ошондуктан биздин кесиптешибиз мыйзамды бузган деп бааласак болот, деди Чыныбай Турсунбеков.

Нурбек Алымбеков өзүнүн депутаттар менен Тайванга болгон сапарын КР Тышкы иштер министрлиги, КР Жогорку Кеңешинин фракциялары жана аппараты менен макулдашпай жасаган.

Нурбек Алымбеков анын Тайванга жасаган сапары расмий эмес, жеке мүнөздө болгонун жана буга чейин да Тайванга 3 жолу барып келгенин билдирди. Ошентсе да кыргыз-кытай мамилелерине зыяны тийбес үчүн ал КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери кызматынан отставкага кетерин жарыялады.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: