№36 автобустун багыты өзгөртүлдү. Мындан ары автобус Жибек Жолу проспектисинен Осмонкул көчөсүндөгү “Шоро” компаниясына чейин барбайт. Бул тууралуу бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 23-декабрда билдирди.
Бишкек мэриясы билдиргендей, жаңы 60 автобус келгендиктен, тургундардын №36 автобустук каттамды жандандыруу маселеси каралып, №36 жана №48 автобус ишке кирген.
Жибек Жолунан акыркы аялдама чейинки жолдо Осмонкул көчөсүндөгү 1300 метр аралыктагы аянтта райондун тургундары автоунааларын жолдун жээгине токтотуп койгондугуна байланыштуу автобус ичке жолго батпай, коомдук транспорттун айдоочуларына тоскоолдук жаратууда.
Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери, патрулдук милиция, Свердлов райондук администрациянын жана кварталдык комитеттин өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн комиссия жерине барып, автобустун Осмонкул көчөсү менен “Шоро” компаниясына чейин барган схемасын өзгөртүүнү чечишкен.
Чечим жергиликтүү тургундардын макулдашуусу менен кабыл алынды.
Эми, №36 автобус “Ак-Өргө” жаңы конушунан Лермонтов көчөсүнө чейин жүрөт.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ