Menu

Элдик Курултай кыймылы Кадыров менен Асановду бошотуу боюнча президентке кайрылды

Бөлүшүү:

Кыргыз элине, Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге

 К А Й Р Ы Л У У

Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Кыргызстандын эли-өлкөнүн башкы байлыгы, мамлекеттүүлүктүн, эгемендиктин жана бийликтин ээси. Кыргызстандын түпкү тилек максаты-адамдардын эркиндигин, теңдигин, жыргалчылыгын камсыздоо, акыйкаттыкты, адилеттикти, калыстыкты орнотуу, адеп ыйманды сактоо, ынтымак, биримдик, эмгек аркылуу ар тараптуу өнүккөн адилет коом куруу болуп эсептелет. Чынында мамлекетибизде азыр оор кырдаал түзүлдү, кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн 90 эр азаматтарыбыз курман болушту, түштүктө 600дөн ашык бей күнөө адамдарыбыз шейит кетти, аларды эстеген бир жан жок. Ата-Бейитте берилген  анттар, убадалардын баары унутта калды. Уурулука, коррупцияга шектүүлөр депутат же министр болушуп эл башкарып жүрүшөт. Кумтөр сыяктуу кендерибизден түшкөн каражаттар бюджетти эмес, башкалардын капчыктарын кампайтууда. Бюджеттин таңсыктыгы азайбай көбөйүүдө, тышкы карыздын көлөмү ички дүң продукциянын 62 пайызына чыкты. Бүгүнкү күндө да максатсыз карыз алуу аракети уланууда. Саясат бизнес-криминалдын биригүүсү акыркы жылдары күчөп, мамлекеттүүлүкө коркунуч туудурган факторго айланды. Биздин бийликтеги атка минерлерибиз жеке кызыкчылыктарынан чыга алышпай, “сырткы күчтөргө” кызмат кылышууда. Алар бизди кайрадан “көз каранды” элге айландырууга аракет жасашууда. Өзгөчө чек ара маселелери коомчулукту кооптондурууда. Ушундай да өлкө болобу? Системаны өзгөртүш керек, биздин алдыбызда бир эле жол калды, ал ата-бабалардын улуу жолун улантуу. (Баса белгилеп айтсак, Элдик Курултайдын курамында кырктан ашуун саясий партиялар, коомдук уюмдар орун алганын коомчулук жакшы билет).
Анан ушул өңдүү мамлекетибизде болуп жаткан саясий-экономикалык абалды, карапайым калктын көйгөйлөрүн көтөрүп, чындыкты айтып чыкканы үчүн, “мамлекеттик бийликти, күч менен басып алганы жатат” деген шылтоо менен коомдук саясий ишмер Кубанычбек Кадыров камака алынганын жакшы билесиз. Бул көрүнүштү биз өтө тынсыздануу менен кабыл алып жатабыз, муну биз саясий куугунтук деп эсептейбиз. Өзгөчө өзбек сепаратистерине байлагандарына коомчулук ишенбейт деп ишенебиз, бул бийликтин “бөрк ал десе баш алышкан” кошоматчыларына жол болсун демекчибиз. Кадыровту биз жаш, өсүп келе жаткан таза саясатчы катары жакындан жакшы билебиз, учурунда Элдик Курултай кыймылынын төрага орун басары болуп дагы эмгектенген,  аз да болсо өз салымын кошкону маалым. Биз Кадыровту “ак же кара” дегенден алыспыз, актыгын сотто далилдеп чыгаар деген үмүттөбүз.
Элдик Курултайдын бирден бир ураан, чакырыгы “мыйзамдуулукту орнотуу” ошол себептен, Кадыровго жана Асановго тиешелүү кылмыш иши мыйзам чегинде ар тараптуу жана объективдүү тергелишин талап кылабыз. Эми Кадыров ушу Батукаевден өткөн коркунучтуу кылмышкер болбогон соң, баш коргоо чарасын өзгөртүп, камактан бошотуусун талап кылабыз. Ар бир өнүккөн демократиялуу мамлекетте сөзсүз түрдө оппозиция болушу абзел, керек болсо бул жобо биздин Баш мыйзамыбызда дагы ачык так көрсөтүлгөн.
Эсиңизге сала кетсек, Кубанычбек Кадыров 2009-жылы Балыкчыда Сиздин таламыңызды талашып, биринчилерден болуп Бакиевтердин бийлигине каршы чыкканын жакшы билесиз, мындан тышкары 2010-жылдагы  ынкылапка кошкон салымы дагы  өтө чоң, Сизди бийлике алып келгендердин башында турган. Анын жеке сизге жана Кыргыз элине кылган жакшылыктары унутта калбашы керек, деп эсептейбиз.
Терең урматтоо менен, Элдик Курултай кыймылынын төрагасы, акын, тарыхчы Байас ТУРАЛ

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: