Бизге түшкөн маалыматтар боюнча, 2010-жылдын 12-июнунда Алайдын Кара-Чуңкур жайлоосунан Иномжан Абдрасуловго таандык 100дөн ашык жылкынын жоголгону каңкууланды. Мындай каракчылыкка куралчан, формачан адамдардын киришип, жылкыларды Алайдан токтоосуз түрдө Кара-Кулжа тарапка айдап барышып, акырында «жым-жым» кылышканбы? Дал ушундай талуу суроолордун жандырмагын чечүү үчүн тыкыр изилдеп, тактап бүткөн соң бир чечимге келебиз. Эске салсак, 2010-жылдын июнь айынын башында улут аралык жаңжал башталса, ошол арада айрым таасирдүү адамдар мал-мүлктү тоноп кетүүгө киришкени ырасталса кантебиз? Ал эми Иномжан Абдрасулов Оштогу чатактын чыгышына айыпталып, качып кеткени менен белгилүү.
Жалын Эркетаев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ