Өткөндө президент Сооронбай Жээнбеков мектептерге караганда мечиттердин көп болгону жакшы экенин айтып жетине албай сүйүнчүлөгөн. Мындай сүйүнүчтүү жаңылыктан көп өтпөй вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова Кыргызстанда 670 мектеп жетишпей турганын айтып каңырык түтөттү. Президентти кубанткан көрүнүшкө Өмүрбекова зээнин кейтип жатканына көпчүлүк түшүнбөй калды. Кызык эле жагдай. Келечек муундун билим алып, сабаттуу болушун мамлекет камсыз кылганга чамасы жетпей, алсыздык кылууда. Өлкө жетекчиси болсо мечиттердин көптүгүнө чечекейи-чеч болуп жатат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ