Menu

Адамкул Жунусовду атайылап качырып жибериштиби?

Бөлүшүү:

Биздин гезит туура бир ай мурун Мамлекетгик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовдун үйү күч органдары тарабынан тинтүүгө алынар замат кайран эргул куйругун кыпчып, катар-катар дүнүйө-мүлктөрүн итбекер баалап, шашылыш сатып жатканын жазган элек. «Кабат-кабат хансарайларын сатууга шашылган көпөс эртеңки күнү Шадиев, Илмиянов сыяктуу чет өлкөгө качып кетпейби?» деген суроону коомчулуктун талдоосуна коюп, күч органдарынын анабашчыларына коңгуроо каккан элек. Жаземдебептирбиз. Бир ай мурун биз жазганыбыздай экс-башкы бажычы жакында өлкөбүздөн караанын көрсөтпөй, жиги билинбей жоголгонунан улам экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) издөө жарыялады. Таңгаласың, шектүү фигураны эртең кеч болуп кала электе кылтакка илүүсүн башкы прокуратура баштаган күч органдарына кыйытсак, буларың түштөн кийин калп эле издемиш болуп жатышканы кайсы логикага сыят? Айрым маалыматтарда Адамкул Жунусов Акүй менен «ымдашууга» барып, бийликтеги таасирдуу «серый кардиналдардын» батасын алып, ээн-жайкын чет өлкөгө баса бергени каңкууланууда.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: