Menu

«Ынтымак» коомдук бирикмеси ынтымакка чакырды

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Казакстандын мамилесинин кризиси улам созулуп, тереңдеп да баратат. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабанов менен жолугушуусун өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп санап, Алмазбек Атамбаев өзүнө коңшу өлкөнү жана өлкө башчысын айыптоого жол берди. Кызматтык да, дипломатиялык да этикага ылайык келбеген анын сөздөрү эки элдин ортосундагы достук мамилеге доо кетирди.

Казакстандын мамлекеттик чек арадагы бажы көзөмөлүн күчөткөнүн Кыргызстан блокада деп атап, ЕЭКга жана ДСУга кайрылды, ошондой эле Казакстандан блокаданын айынан тарткан чыгашалардын ордун толтурууну талап кылып, эл аралык сотко кайрылууну көздөйт. Республикалык бюджеттин жоготуулары 2.5 млрд сомду түзөрү болжонууда (350 млн доллар)

Казакстан көзөмөлдүн күчөтүлгөнүн Кыргызстандын фитосанитардык, ветеринардык талаптарды жана ЕАЭБдин стандарттарын сактабаганы менен, ошондой эле контрабанданы тыйбагандыгы менен түшүндүрүүдө. Астана билдиргендей, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн контрабандадан жоготуулары 2 млрд 687 млн АКШ долларын түзгөн, ошондуктан Казакстан Кыргызстандын мамлекеттик органдары коррупция менен күрөштү күчөтүшү үчүн чара көрүүдө.

Негиздүү сүйлөшүүлөр болбой жатканына байланыштуу эки тараптуу мамилелер туюкка кептелип турат. Кыргызстандын Парламенти көйгөйдү талкуулаган жок, Өкмөт болсо кризистин айрым кесепеттерин гана жымсалдоодо, бийликтин көзөмөлүндөгү ЖМКлар жоопкерчиликти Казакстанга оодарып, келишпестиктин чырагына май тамызып турушат.

Түзүлгөн кырдаалдан улам, биз, Кыргызстандын кайдыгер болбогон жарандары, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени калыбына келтирүү максатында демилгечилер тобун түзүп, “Ынтымак” (“Согласие”) коомдук бирикмесин уюштурууну чечтик. Кыргыз бийлигине алгылыктуу кадам жасоону сунуштоо менен:

— Жогорку Кеңешке кайрылып, Өкмөт мүчөлөрүнүн, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ачык сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырабыз. Кризиске тиешеси бар өкмөт мүчөлөрүн жоопкерчиликке тартууну, зарыл болсо ээлеген кызматынан да алууну талап кылуу керек.

— Бишкекте эки элдин белгилүү аткаруучуларынын катышуусу менен кыргыз-казак достугуна арналган концертти уюштурууга чакырабыз.

Ошондой эле Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдон өтүнүп:

— Атамбаевдин жосунсуз асылуулары үчүн Назарбаевден кечирим суроосун;

— Коомдук уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен кыргыз-казак мамилелерин жөнгө салуу үчүн атайын жумушчу тобун түзүүсүн суранабыз.

2017-жылдын 18-ноябрында, “Кыргыз-казак мамилелер кризисинен чыгуунун жолдорун талкуулоо” темасындагы тегерек үстөлдүн катышуучуларынын пикирлерин эске алуу менен, демилгечилер тобу ушул резолюцияны кабыл алды.

“Ынтымак” коомдук бирикмеси

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 84 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: