Menu

Ырыскыбызды уурдаган инвесторлордон арылышыбыз керек

Бөлүшүү:

Кыргызстан кен байлыктарга бай өлкө. Суусунун тунуктугу, экологиясынын тазалыгы боюнча бир топ өлкөлөрдөн алдыда турат. Ошого жараша кен байлыктары да жетиштүү. Бирок, өлкөдөгү чийки мыйзамдар менен жетекчиликтеги шалаакылыктар ар дайым ал ырыскыбыздан куру калтырып келген учурлары көп. Инвестициялык абалды алып карасак кенге, сууга, тоого бай өлкө катары инвестордун табылышы анчалык деле кыйынчылык жаратпайт. Келген инвестицияны туура пайдалана албаган жагдайлар өзүбүздө. Кыргызстандагы эл аралык бейтарап соттун инвестициялык талаш-тартыштар боюнча директору, эл аралык арбитр Жоомарт Жолдошев инвестиция багытындагы мыйзамдардын чийкилигинен өлкө жабыр тарткан учурлар көп деп эсептейт. Анын айтымында, өлкөнүн инвесторлорго берчү кепилдиктеринин бирдиктүү стандарттары тактала элек.

“Өлкөгө инвестиция тартуу боюнча так саясаттын жоктугунан биз инвесторлорго бирдиктүү стандар-тарга туура келген кепилдиктерди сунуштай албай жатабыз. Ар кандай шарт менен келген инвесторлор бир нерсеге нааразы болуп калса, белгиленген эрежелердин жоктугунан эл аралык сотторго кайрылууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калып жатат. Анан эле ал чет элдин жараны, эл аралык сотко кайрылса утулабыз деп өзүбүз корко баштайбыз. Андыктан өкмөттүн бул багыттагы мыйзамдарды тактоосуна мезгил келип жетти”, — деди Жолдошев. Ал абалдан чыгуу үчүн эл аралык юридикалык билими бар жаштарды өстүрүү керектигин кошумчалады.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: