Кой-Таш айылындагы окуясынан башынан оор жаракат алып, Москвада дарыланып жаткан Чүй облусунун ИИБсинин жетекчиси Самат Курманкуловдун абалы жакшырып, өз алдынча тамактанып, так сүйлөп калды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтар боюнча, анын оор жаракаттан кийин толугу менен калыбына келүүсү үчүн дарылоо үстүбүздөгү жылдын март айынын аягына чейин уланат.
Белгилей кетсек, Самат Курманкуловдун дарылоосуна өкмөттүн резервдик бюджетинен 1 462 691 сом бөлүнгөн. Мындан сырткары, Өкмөттүн буйругу менен Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 4 798 520 сом бөлүнгөн.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова: “Самат Курманкуловдун дарылоосу эки айга узартылды. Ден соолугунун абалына карап дагы узартылышы мүмкүн. Ал боюнча реабилитациясы бүтсө, дагы кошумча маалымат берилет “– деп билдирди.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Атамбаевди мажбурлап алып келүү операциясында Чүй ОИИББнын жетекчиси Самат Курманкулов башынан оор жаракат алган. Ал Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборуна которулуп, учурда ошол жакта дарыланууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ