Menu

УКМК эле уурдатат десе, Финпол деле куру калбаптыр

Бөлүшүү:

Өткөн аптада УКМКдан далил катары сейфте сакталган 200 000 доллар жоголду деген маалымат таркап, айрым аттуу-баштуу аткаминерлердин аттары аталган эле. Бул маалыматтан кийин туура 5 ай мурунку каржы полициясында орун алган окуя эске түштү. Эске салсак, 13-майда Альберт Рахманжанов деген ишкер пресс-конференция берип, бийликтин бийик сересиндегилерге кайрылган эле. Анда ал: “Каржы полициясы тарабынан, 2018-жылы 18-октябрда ишкерге тиешелүү күрөөканада издөө, текшерүү иштери жүрүп, баасы 5-6 миллион сомдун башын чапчыган алтын, брилианттарды алып кетишкен. Ал бул боюнча сотко кайрылып, сот 2019-жылдын 2-апрелинде күрөөканадан алып кеткен баалуу буюмдарды кайтаруу боюнча чечим чыгарат.”

Кызык ушул жерден башталат. Каржы кызматы күрөөканадан алып кеткен алтын, брилианттарды эмес, такыр башка буюмдарды кайтарып берет. Алар да сейфинен уурдатып алганбы же казиного уттурганбы ким билсин, айтор ушул күнгө чейин ээсине тиешелүү баалуу буюмдарды берген эмес. Ой келет экен, далилдүү буюмдарды жоготуу, сатуу боюнча укук коргоо органдарына жаза жокпу?

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: