Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев үгүт иштерин эрте эле баштаптыр. Бул туурасында Facebook социалдык тармагынын колдонуучулары билдиришти.
“Ош шаарындагы “Орто Азия” Бакыт Төрөбаевди колдогон агитациялык брошюраларды таратып жатат. Официалдык жарышка чейин бул араеттер мыйзамга каршы келет! Мамлекетке биздин закондорду тоготпогон адамдын эмне кереги бар? Баса, мейманкана ошол адамга тиешелүү”, – деп жазды Азат Троллевич Иманалиев деген ат менен кирген колдонуучу.
Агитациялык кампания официалдуу түрдө 10-сентябрда башталат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ