Menu

Атамбаев аткарылбай калган иштер үчүн кечирим сурады

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев бийликте отурган алты жыл аралыгында аткарууга үлгүрбөй калган иштери үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу ал Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорунун жыйынтыкталышына арналган чогулушта сүйлөп жатып айтты:

– Биз алга умтула беребиз. Биз дайыма кимдир бирөөдөн озуп келгенбиз. Алты жыл бою президент катары мени колдоп келгениңерге ыраазычылык билдирем. Бишкектиктерге ыраазымын. Алар дайыма мен тарапта болгонун сезип келдим. Эгер мен кай бир ишти жасаганга үлгүрбөй калсам, кечирим сурайм. Оор кырдаал болду, эсиңерде. Колдооңорго рахмат.

Алмазбек Атамбаев 2011-жылы президент болуп шайланган. Анын мөөнөтү быйыл аяктайт.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. 1-декабрда Атамбаев ордун жаңы шайланган мамлекет башчыга бошотот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: