Эки ирет коргоо министри болуп, кыргыз армиясын жаңы сапаттарга көтөргөн генерал-майор Абибилла Кудайбердиев өткөн аптада улуу кызын жакын туугандарынын коштоосунда чоң турмушка узатып, куда күттү. Тектүү жердин кызын алган куда тарап да жөн кишилерден эмес. Кыргызга белгилүү кашкөй инсан, көптөгөн жылдар Совминди жетектеген айтылуу Султан Ибраимовдун эң жакын туугандарынын бири кыргыздын жалтанбай от кечкен, Россиядагы жогорку аскердик академияны алтын медаль менен аяктаган генералдын кызын келин кылып алышты. Ылайым миң жылдык кудалардан болгула! Эки жаштын кармашкан колдору үзүлбөй, бактылуу болушсун!
Ийгилик БОЛСУНБАЕВ
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ