Menu

Алып берген “пирожкисин” колко кылган Атамбаев “Апрель” телеканалынан болушунча “ашмалтайланды”

Бөлүшүү:

1. Атамбаев: «Дүйшөбаев Апрель революцияга чейин тамекиге, пирожкиге акча сурап жүргөн, анан миллионер болуп чыкты»

Не дейт ботом? Элдин баары ачка жүргөндө Атамбаев аларга пирожки алып берип, өзү жазуучулардан уурдап алган миллионго казы-карта чайнап жүргөнбү ошондо?

2. Атамбаев: «Мени каралап атышат, жок кылууга аракет кылышты»

«Коркконго кош көрүнөт» болуп жаткан жоксузбу? Адатта элдин баарын сиз каралап, ашмалтайын кетиресиз го? «Балашка», «Эдичка», «жыгач генерал», «Теке», «сасык партия» – деген сиздин терминдер эмеспи?

3. Атамбаев: «Сатып кетиши»

Кимге сатты? Кайда сатты? “Арашанда” жамбаштап жатып башкарам дедиңиз беле? Жээнбеков бир адамдын эмес, элдин президенти болгонуна сүйүнүшуңуз керек эле. Экс-президент Отунбаевадан үлгү алып «Апрель» каналын эмес, «Апрель» фондун иштетип тынч жүрсөңүз эл тарабынан сый-урматка ээ болор элеңиз.

4. Атамбаев: «Мени сындыра алышпайт»

Өзүнүн көлөкөсү менен күрөшкөн Атамбаевди кайра эле «Атамбаев» өзү сындырат.

5. Атамбаев: «Жакшылыктарда болду, Алия төрөдү»

Кут болсун! Небере жытына мас болуп, ырахаттанып өмүр сүрсөңүз ким кой деди?

6. Атамбаев: «Мен да адаммын адашам, кадр жагынан көп адаштым ката кылдым, бирок эл жер деп иштедим»

Адашканда да көп жолу адаштыңыз. Элди жеген мителердин бир муунун өстүрүп чыктыңыз. Өлкөнү шопурларга, таразачыларга, жан сакчыларга, «кабылдама ханышаларына», анан жемкорлорго талатып жибердиңиз.

7. Атамбаев: «Ушакчылар кыйкырса дагы «пока я был президент» жашоо кыйла оңолду»

Туура айтасыз. Албектин, Сапардын, Индиранын, Аскардын, Кубанычбектин дагы башка жаныңызда жүргөн «жан жөкөрлөрдүн» жашоосу кыйла эле оңолду. Бирок, элдин жашоосу эмес.

8. Атамбаев: «Элдин турмушу оңолду, свет, газ, жол оңдолду, дух которулду»

Свет өчпөй калганы чындык. Бирок 700 киловатт корогондон кийин «акылдуу эсептегичтер» 2,16 тыйындан чөнтөктү кагып жатканы да чындык. Балдарыңыз «Автомашэлектро» аркылуу электро энергияны Токтогул ГЭСинен арзан алып, кымбатка сатып жатканы да чындык. Элдин духу алмустактан бери эле көтөрүңкү. Болгону сиз аны түшүрбөңүз.

9. Атамбаев: «Көчмөндөр оюндары элди патриот кылды»

Тилекке каршы бул жерден да «сары балдарыңыз» бир топ эле «ашап» калды болуш керек.

10. Атамбаев: «Эл айтып атат өзун көтөргөн президент ушундай иш кылып атат, Байсалов, Тербигиалиев сыяктууларды көтөруп атат»

Сиз айтсаңыз болот, анан булар айтса болбойбу? Ар ким өз оюн айтууга акылуу го жарыктык.

11. Атамбаев: «Президенттик шайлоо эң чоң адашкандык болду, элден кечирим сурайм»

Эч ким «адашкан» жок. Болгону «Арашанда жамбаштап жатып башкарам» – деп сиз адашкансыз.

12. Атамбаев: « Азыркы бийликке коңшу өлкөлөрдөн да пиарщиктер келиптир»

«Аягы суюк кайнене, келининен шектенет» болбоңуз. Алексей Василивецкийлердин заманы өткөн.

13. Атамбаев: «Азыркылар Максим Бакиев сыяктуу элдин караңгы сезимдерин ойготкусу келип атат»

Азыркыларды Максимге алыштырсам эле эл мени ээрчийт деп ойлойт окшойсуз. Бирок бул сиздин гана кыял.

14. Атамбаев: «Мен өз эмгегим менен байыгам»

Акаев, Жакшылыковдор жазуучулар союзунун акчасын уурдап байыган деп жатат го?

15. Атамбаев: «Килтейген заводдор, чач тарачтан өйдө менде бар болчу»

Азыр ошол чач тарачыңыз кайда? Чач алдырып туралы. Килтейген заводуңуздан башкаларды «шыбаш үчүн» жалаң баткак чыгат болушу керек ээ?

16. Атамбаев: «Бизнесмен болгом, ошончо акча таап үй салсам күнөөбү?»

Эгер ак эмгек менен салсаңыз күнөө эмес. Эгер Максимдин «Дастан» заводунан тартып алган жерге, Дача-Сууга кулаган учак ташып келген контрабандалык товарлардын эсебинен салсаңыз, анда чоң күнөө.

17. Атамбаев: «Мамлекеттик кызматта иштеп байыгандарды кармаш керек, өз эмгеги менен акча тапкандарды эмес»

Туура айтасыз. Ошон үчүн мамлекетке иштеп байыган «балашкаларыңыз» камакта жатат да.

18. Атамбаев: «Айтматов ишенчээк болчу, ал сапатын колдонушчу, душман кылышкан мага, ал чындыкты көрүп абдан жакын болгонбуз. Мүрзөсү бүтпөй эстеликтери коюлбай жатты, Манастын эстелигин анан маңдайына Айтматовдун эстелигин койгом»

Жакшы иш кылыпсыз. Бирок кайырын чайыр кылып, аны милдет катары айта бергендин кереги барбы?

19. Атамбаев: «Сооронбай Жээнбеков ачкан Москвадагы эстеликти мен тандагам»

Ал кезде баарын сиз тандагансыз. Албекти мэр кылып, Сапарды Өкмөт башчы кылып. Уланды ИИМминистри, Абдилди УКМК төрагасы кылып, Кулматовду бажыга башчы кылып сиз тандагансыз.

20. Атамбаев: «Ыплас нерселерге Айтматов сыяктуу улуу аттарды жармаштырбаш керек».

Ал үчүн Атамбаев жазуучулардын акчасын уурдабаш керек.

21. Атамбаев: «Текебаевге мыйзам боюнча жаза туура колдонулган. Аны каматтырбай эле койсом болмок мыйзамды бузуп деген өкүнүч бар. Аны герой кылып аласыңар дегем. Бирок миллиондор ал тараптан алынган»

Мындай ой сизге Леонид Маевский камалганжан кийин келдиби?

22. Атамбаев: «Январда мечит ачам. Ал жактагы гранит менен үйдөгү гранит окшош. Гранитти уурдады деген калп»

Окшошуп калганы баары бир шек туудурат экен. Шайтан алгырдыкы десе. Окшошпой калса болмок.

23. Атамбаев. «В Душанбе и Бишкеке сравнивает цифры по ТЭЦ. Душанбе алтын кен берди, мен андай кылсам жеп салмак кыргыздар»

Алар курду ТЭЦти. Сапар Исаков болсо жарымын жеп койду. «Жер үйдү» бердиңиз эле, эл сизди жеген деле жок го.

24. Атамбаев: «Сапардын уй-бүлөсүнүн ахвалы начар. Акча алса андай болмок эмес»

Зилалиев деле ортозаар жашайм деген. Сапар анда кедей тура…

25. Атамбаев: «ТЭЦ куруп атканда мүмкүн бирөө уурдаган. Бирок Исаковдун күнөөсү эмне? ТБЕА компаниясын Кытай өкмөтү чечкен»

Сапар баш болуп уурдаган десеңиз эл алдында жүзүңүз жарык болмок.

26. Атамбаев: «Ипподром, Чолпон-Ата, Тарых музей мындай проекттер гранттык акчаларга салынган»

Демек сиздин пикириңизде гранттык акчаларга салынган нерселерди, мамлекетке бөлүнгөн грантты жей берсе болобу?

27. Атамбаев: «Прораб бирдеме уурдады балким тапсын, кармасын»

«Айран ичкен кутулат, челегин жалаган тутулат» болобу ошондо?

28. Атамбаев: «Туркия тарых музейге акча болуп, анан мага таарынып акча бербей койгон»

Туура эле кылган. Берсе дагы жеп коймоксуңар да.

29. Атамбаев: «Россия калганын берген. Луврду кылган компания жасаган реконструцияны, музей шикарный. Азыркылар музейди ачпай атат ар кайсы шылтоо менен. Бекерге жасаттым ушундай проекттерди. Ошондо да шыбайт Атамбаевди. Кийинкилер рахмат айтат. Мунун баары элге калат, баарынын акчасын мен тапкам. Таластын театрын акча бөлүп берсем уурдашса камасын аларды».

Демек Россиянын да акчасын «келемиштериңиз» «кемирген» тура. Ошол «шикарный» музейди ачалы десе эле, ага жетпей кыңыр иштер ачылып, жыгач аттар 4 миң евродон алынганы ачыкка чыгып жатпайбы кашайып. Кийинкилер качан рахмат айтат белгисиз, бирок азыркылар Атамбаевди каргап жатканы чындык№ Азырынча эң башкысы “шыбакчы” Атамбаев экенин эл көрүп турат. «Мен, мен, мен» – деп төш кага бергенден көкүрөгүңүз  «травма» алып калган жокпу?

30. Атамбаев: «Сооронбай Жээнбеков ленточкасын кесе берсин, даяр долбоорлорду мен жасап кеткем»

Анча мыкты болсоңуз аягына чыгарып ленточкасын өзүңүз эле кесип кетпейт белеңиз?

31. Атамбаев: «Адамдын эки жүздүүлүгүн көп көргөм, аткаминерлер бат сатып кетет».

Эл болсо сиздин жети жүздүү экениңизге күбө болуп, жакаларын кармап отурат.

32. Атамбаев: «Таң калганым биринчи кудай, анан сиз деп 24 жыл жанымда жүргөн адам душман кылганы. Кудайга коёлук, бул да өтөт. Бир саткан адам кайра сатат экен»

Сооронбай Жээнбековдун алдында эки жол турган. Бири Атамбаевдин коррупцияга баткан жолун улап, анын айтканын аткаруу. Экинчиси эл үчүн иштөө. Жээнбеков экинчи жолду тандады. Бул жерде эч кандай саткынчылык жок.

33. Атамбаев: «Партиядан кимди президенттикке алып чыгабыз дегенде биримдик үчүн түштүктөн чыгаралы дегенбиз. Акылыма болгону Сооронбай Жээнбеков жана Асылбек келген. Туштук боюнча кадрларды толугу менен Сооронбай Жээнбековго ишенчүмүн. Бир да түштүктөн жакшы атты айтпаптыр ал. Ишенгем, кадр маселесине көңүл бурсам болмок. Бир топ маалыматтар эми келип жатат ошол кездеги. Мага жакын адамдар жеткирбептир убагында»

Ушинтип калп айтпай эле «Абдилди же Сапарды президенттикке койсом өтпөй калуу коркунучу бар болчу. Андыктан түндүк-түштүккө кадыры бирдей, баардык кызмат тепкичтерди басып өткөн Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине токтолдум» – десе чындыкты айткан болоор эле. Түштүктүн кадрларын Жээнбеков чечпей эле. Атамбаев «өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип» жүргөнү баарыбызга маалым. Маалымат жетпей калганы да жалган го. Кантип маалымат жетпей калат? Эгер Фарид оң кулагына, Абдил сол кулагына күн сайын шыбырап жатса ?

34. Атамбаев: «Дачасудагы учакта Раисанын жүгү болгон деген ушактар катуу тийди, Текебаев тараткан. Рая ооруган, капельница алган. Ал учакта Атамбаевдин бир грамм жүгү жок болчу, Жээнбековдор менден бир нерсе таба албай жатышат. Эбак чукуп чыкмак»

«Калк айтса, калп айтпайт» – дегендей, каргашалуу жүккө Атамбаевдин тиешеси бар болушу толук ыктымал. Анткени жүк кулагандан кийин Атамбаев үч күн «жинди суунун» «туткунунан» чыга алган эмес деген маалыматтар бар. Ал кезде бийлигинен пайдаланып баардык илинчекти тазалап коюшу мүмкүн. Андыктан бул тууралуу сөз али алдыда.

35. Атамбаев: «Колтугума котур ташты ката албайм»

Катып эле жүрөт экенсиз. Ал «таштарды» менчик каналыңыздан «ыргытып» эле бүтпөй койдуңуз го?

36. Атамбаев: «Биз Казакстандай бай эмеспиз, бирок эгемен мамлекетпиз»

Эмне Казакстандын эгемендүүлүгүн бирөө алып койдубу? Эми гана сиз «балп этип» бузуп кеткен мамилелер оңолуп баштаганда «тилди тишке катыңыз»!

37. Атамбаев: «Түркия боюнча болгонун болгондой айттым. Турктөр Орустун учагын атып тушуруп. Мен айттым бул ката болду! Турктөр мага таарынды. Турктөр Себат мектеби террористтерди даярдап жатат дешти. Мен бул биздин мектеп өзүбүз билебиз дедик. Анан атын алмаштырдык. Жарымын Билим Министрликке өткөруп бердик. Бирок анан өздөрү колдоп чыгышты. Туркияда козголоң болгондо мен Эрдоганды биринчи болуп колдогом. Эрдогандын көп жакшылыгын көрдүм. Тайып бейден көп грант алдык. Ал мага дагы жеке жардам берген»

Эки державанын ортосуна кыпчылып мамилелерди бузуунун кандай кереги бар эле? Бир туруп колдогом, бир туруп каршы чыккам дейсиз. «Күн тийген жердин күкүгү» болуп жүргөн турбайсызбы анда? Жеке жардам берген адамды кийин абдан эле «шыбаганыңызды» эске алганда, сизге таарынып деле болбойт көрүнөт.

38. Атамбаев: «Кол тийбестик боюнча, булардын баарыЖээнбековдорго таандык. Иттин кожоюну болсо, кабыландын кудайы бар. Баарын кудай чечет»

Ак адам болсоңуз кол тийбестиктен баш тартып деле коймоксуз. Демек корко турган иштериңиз бар. Баарын кудай чечет экени талашсыз чындык. Бирок, «көлчүк өзүн көлмүн дейт» деген Кабылан мисалында АША чаап кетипсиз.

39. Атамбаев: «Курултай боюнча, мен курултайга жийиркенип барбай койдум»

Антпей эле сизге бериле турган суроолордон коркуп барбай койдуңуз!

40. Атамбаев: «Атамбаев Сооронбай Жээнбековду иштетпей жатат дешет. Ал өз каалаганын кылып жүрөт»

Жаман катындан беш  бетер «жакасына жармашып», Фар-Иттерди «агытып» иштетпей жатканыңыз чындык.

41. Атамбаев: «Бекназаров жазында эле сүйүнүп баштаган. Алар Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековду чабыштырып карап тургусу келет. Алар кузгундар. Сооронбай Жээнбеков мени душман кылганда эмне пайда? А кузгундар жыргашат! Сооронбай Жээнбеков аларды ээрчип кетти».

Бекназаровду эң биринчи «сүйүнткөн» сиз болдуңуз. Бийликтен кеткенден кийин, кийлигише бербей «Арашанда» тынч эс алсаңыз болбойбу? Жээнбеков сиз жөнүндө бир да жаман сөз айта элек. Сиз болсо аны өзүңүзгө душман кылып алдыңыз.

42. Атамбаев: «Жөн жерден эле чатак чыгаруу бул жаман. Ынтымакты сакташ керек эле»

Ынтымакты АША жана анын «балит технологдору» ыдыратып жатат. Муну жакшы түшүнүп алыңыз. Калган элге тынчтык эле керек.

43. Атамбаев: «Самолетко отурсам бирөө бакылдап жатыптыр. Колум менен чакырдым. 3 саат арманын айтты. Аны мен аяп жатам. Аман эле болсун».

Кимиңерге ишенели? Тюлеев сизди мас болуп алып «арманын айтты» деп жатат го?

44. Атамбаев: «Алар чөөлөр. Башка айрымасы жок. «Кыргызстан Чөөлөр Партиясы» деп ачып алышсын»

Атамбаев асылбаган Кыргызстанда эч нерсе калган жок го дейм. Кемсинтүү Атамбаевге ырахат тартуулайбы? «Сасык», а эми «чөөлөр партиясы».

45. Атамбаев: «СДПК менен Асилбек 2 жолу депутат болду. Сооронбай Жээнбеков президент болду»

Жээнбековдор деле СДПКнын СДПК болушуна чоң салым кошкон. Алар илгери эле саясатта болгон. «Текей терип жүрүп» бийликке келген эмес.

46. Атамбаев: «Кулматовду бажыга алып баргам. 3 жылда 3 эсеге көбөйтту кирешени. Өткөн жылы 8млрд бюджетке которду»

Кулматов ак же кара экенин сот гана аныктап чыгат. Өткөн жылы бюджетке түшкөн 8 миллиардга ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун да зор салымы бар экенин унутпаңыз.

47. Атамбаев: «Атамбаевдин командасы 8,5 млрд алып келген коррупцияга каршы күрөш боюнча»

8,5 миллиард алып келди дейли. Бирок, мындан да көп каражаттарды уурдашып чөнтөгүнө – салып келгени ачыкка чыгып жатпайбы?

48. Атамбаев: «Асилбек тойлордо ким менен жүрөт. Раимдер менен жүрөт! Коррупция менен күрөш 2 эсе азайды».

Тойдо адам менен адам кезигет. Атамбаев өзү Раимди убагында канатына алты жыл калкалап жүргөнүн кошумчалай кетсе болмок экен.

49. Атамбаев: «Адахан черная касса ишенсе болот дептир. Ал туура айтып жатат».

Качантан бери Адахан туура айтып калды эле? Кечээ эле Адаханды «Жаныштын тамадасы» деп жүрдүңүз эл го? «Черная касса» эмес, силер кылып жаткан «черный пиарга» чындык.

50. Атамбаев: «Фонддон 2 млн сом кеткени калп экенин баарыбыз көрүп жатабыз. Сот чечет. Сооронбай Жээнбеков кесилиш керек»

Талапкер катары шайлоонун финансылык иштерине Сооронбай Жээнбеков аралашкан эмес. Андыктан эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо, Атамбаев өзү жана штабды жетектеген Фарид Ниязов кесилиши керек.

51. Атамбаев: «Он-Адырда айтылган сөзү кыргыздардын ачуусун келтирди. Эки улутту бөлүү болгон деди биринчи экспертиза. Экинчи экспертизада андай болгон эмес деп чыкты. Бирок ал өзү иш аракети менен көрсөттү. Кыргызстандын ынтымагы үчүн өзү саясаттан кетти»

Бул сөзү менен Атамбаев: «көрдүңөрбү биз жарашып алдык» дегенди же «Бабанов менен бириктик» деп бийликке сез көрсөткүсү келгени түшүнүксүз бойдон калды. Айтор, экинин бир болсо керек…

52. Атамбаев: «Канат Исаевдин ишинде Бабановдун изи чыккан жок. Исаев азыр ЖКда жүрөт. Жакшы эле».

Былтыр күздө эле: «Бийликти басып алайын дешти» – деп кыйкырып жүрбөдүңүз беле? Бүгүн эми Атамбаев үчүн Исаев «сүттөн ак» болуп калдыбы?

53. Атамбаев: «Мунун баарын мен декабрда көргөм. Сооронбай Жээнбековго мен айткам Бабановго ишти токтотуш керек деп. Сегизбаев менен,Жолдубаева менен жолугуп Бабановду ишин токтоткула дегем. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков болчу да. Алар мени угушкан жок»

Мына ушул кылмышы үчүн Атамбаев жооп бериш керек. Экс-президенттин укук коргоо органдарынын башчыларына кийлигишкенге кандай акысы бар? Ушуга окшогон кийлигишүүлөрдөн улам Жээнбеков Атамбаевден алыстаган тура.

54: Атамбаев: «Руслан Казакбаев мага Бабановдун иши боюнча келген. Бабановго рахмат айтыш керек. Бир жыл болду бир сөз айттыбы?»

Элдин баарынын абийирин, айрандай төккөн жарыктык киши десе. «Бабановдун чылпагын алам деп, Казакбаевдин көзүн чукуп алган жоксузбу деги ?

55. Атамбаев: «Атамбаев менен Жээнбеков элдешсе болбойбу? Мындай чатактын эмне кереги бар эле? Көп киши ортого салдым. Фаридди, башка депутаттарды. Жээнбековдор аны «АША ослабел» деп түшүнүп калышыптыр. Атамбаевди жоготуш керек деп. Улуу болсом да элдешели дедим, бирок алар элдешүүгө келген жок. Мындай болсо арты жаман болуп бүтөт го. Анда тирешебиз го!» Атамбаев менен Жээнбеков элдешсе болот. Ал үчүн Атамбаев экс-президент катары «Апрель» фондун жетектеп, жаратмандык иштерин аткарып, сыйдын үстүндө болушу керек. Өзү мойнуна алгандай кадр маселесине эч кандай аралашып «мурдун тыкпашы» керек. Кыргызстандын келечегине, аны өнүктүрүүгө арналган долбоорлору болсо, аны азыркы президентке сунушташы керек.

Мына ушул жогоруда айтылгандардын негизинде иш алып барса эле Атамбаевге эч ким душман болоюн деген ою жок. Бүгүнку күнү Атамбаевдин №1- душманы бул Атамбаев!

Автор: Назгүл Исакова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: