Кыргызстандын Монголиядагы консулдугу Элчилик болуп түзүлдү. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Монголиянын премьер-министринин орун басары Улзийсайхан Энхтувшин менен жолукканда айтып, ага ыраазычылык билдирди.
Ал өз сөзүндө эки өлкөн үн соода-экономикалык кызматташуусу төмөн деңгээлде экенин, аны жандантуу үчүн эки өлкө ортосунда иштиктүү кеңеш түзүүнү сунуштады. Ошондой эле Абыллгазиев Монголиядагы экономикалык өсүштөрдү өз көзү менен көрүп келүүгө кызыктар экендигин айтты.
Ал эми Монголиянын вице-премьер-министри бул жолугушууга кубанып турганын билдирип, «эки элдин мамилеси миңдеген жылдарды камтыйт»,-деди.
Эске салсак, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 11-октябрда ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ