“Акнет” компаниясынын мурдагы башкы директору Кубан Ажимудинов камакта калтырылды. Бул тууралуу журналисттерге Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Кубан Ажимудиновдун ишин карашты. Анда жактоочулардын райондук соттун аны камакка алуу тууралуу чечимине карата апелляциялык арызы канааттандыруусуз калтырылган. Ошентип, Кубан Ажимудинов 2021-жылдын 13-январына чейин камакта калды.
Эскерте кетсек, Кубан Ажимудиновго салык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качуу, ишеним артылып берилген мүлккө ээлик кылуу, курал жана ок-дары сатуу, жасалма документ жасоо айыптары коюлган.
Тергөө учурунда “Акнет” ЖЧКсынын бухгалтериясынан 2013-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилдеги көмүскө касса табылган, ошондон кийин салык текшерилген. Текшерүү жыйынтыгында жалпы жонунан 616 млн 816 миң 112 сом салык жана башка төлөмдөр төлөнбөгөндүгү аныкталган.
2019-жылдын 13-декабрында, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынан алынган иштин материалдары менен таанышып чыгып, Башкы прокуратура ишти маңызы боюнча кароо үчүн Бишкек райондук сотуна өткөрүп берген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ