Куздөгү аламанга аттангандар билек түрүнө ишке киришип, мыйзамдагы талаптарды аткарууга жандалбас кылышууда. Көчөлөрдө, айылдарда футболка кийген балдар менен кыздар самсып, талапкерлерге кол жыйноо менен алектенишүүдө. Ал эми эл арасында жарышка чыккандардын кимиси жеңери туурасында кызуу кеп жүрүп, күнүмдүк турмуштагы талаштын чордонуна айланды. Акыркы маалыматтарга таянсак, КСДПдан суурулуп чыккан Сооронбай Жээнбековдун дымагы өтө катуулап келе жатат, ушул жуманын этеги менен өкмөт башчылыкты өткөрүп берип, аламан жарышка баш оту менен киришкени туру. Албетте, бул жигиттин өлкөнүн бардык регионунда кадыры бар. Анан да бир жарым жылга созулган премьер-министрлик кызматта өзүн кеңири көрсөтө алды. Демек, жигиттин шансы чоң экени талашсыз.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ