Menu

Болливуд жылдызы 4000ден ашуун индиялык студенттерди Кыргызстандан алып кетүүгө убадасын берди

Бөлүшүү:

Болливуддун актёру Сону Суд Кыргызстандан 4000ден ашуун индиялык студенттерди алып кетүүгө убада берди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактарында жарыялады.

Колдонуучулардын айтымында, Индиянын 4000ден ашуун студенти Кыргызстандын ар кайсы шаарларында коронавирус пандемиясынан улам кете албай калышкан. Көпчүлүгү чек ара жабылганга чейин үйүнө кайтууга үлгүргөн жок. Окуу буга чейин аяктап, жайкы эс алууга чыгышкан. Студенттер акча каражаты жок калгандыгын айтып, турак-жайды жана жатакананын ижарасын төлөй албай жатышканын билдирген.

Студенттер өкмөткө кайрылып, белгилүү инсандарга кат жазышкан. Твиттерде алардын өтүнүчүнө жооп берген Болливуд жылдызы Сону Суд жакын арада мекендештерин мекенине кайтарып берем деп убада берген.

“Үйгө кайтууга убакыт келди, бардыгын үйгө кайтаралы. Тиленип коюңуздар, бул жакында болот. Кудайдын жардамы менен. Менин кийинки максатым” – деп жазган ал студенттердин өтүнүчтөрүнө жооп берип.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: