Онлайн-аукцион өткөрүү аркылуу жана ансыз сатылган автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилеринин баасын түшүрүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.
Онлайн-аукцион аркылуу автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго кырк кадам» Программасынын төмөнкү маселелерин ишке ашырууга багытталган:
– жарандардын, бизнестин жана мамлекеттин ортосундагы кандай гана болбосун түздөн-түз байланышты максималдуу түрдө жоюу;
– заманбап жана жеткиликтүү инфраструктураны, анын ичинде транспорттук, социалдык, ирригациялык жана санариптик инфраструктураны куруу;
– коррупцияны жоюу жана заманбап санариптик технологияларды киргизүү.
Онлайн-аукцион аркылуу автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу өлкөнүн санариптик трансформация боюнча жалпы улуттук «Таза коом» Программасынын максаттарына жана маселелерине дал келет.
Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилеринин бааларын түшүрүү жалпы калкты жеткиликтүү номурдук белгилер менен камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө, ошондой эле калкка цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин алууда көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.
Онлайн-аукциондун жеңичүүлөрүнө алган цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгисине сертификат берилет. Өзгөчө айкалышындагы номердик белгисине берилген сертификат анын ээсине автотранспорттук каражатын сатууда номердик белгини мындан ары өзүнө калтырууга мүмкүнчүлүк берет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ