Menu

Ар бийликтин тушундагы «одиозный желтамандар»

Бөлүшүү:

Бийлик башына ким келбесин, анын айланасындагы аткошчулардан элдин көзүнө өөн учураган эки аяктуулар пайда болот экен. Мына ошолордун айрымдарына токтолуп, алдыга карай сабак болсо (!) деген ниет менен мисал келтирели. Менин баалоомду эл дагы туура кабылдаса керек…

Аскар Акаевдин доорунда ашкере чалчактаган, опузалоо кыялы менен таанылган Осмонакун Ибраимов бар эле. Элдин реалдуу жашоосунан алыстап, мансап ырыскысын көтөрө албай ооз көптүрө сүйлөгөнү менен көпчүлүктүн кыжырын келтирчү. Өлкөнүн башкы идеологу болуп, бүтүндөй интеллигенцияга акыл үйрөтүп, өзгөчө оппозицияны мазактап, кыйла эле тайраңдаган. Тилекке каршы, азыр бир дагы пайдалуу сөзүн эстей албайбыз.

А Курманбек Бакиевдин режиминде Данияр Үсөнов «эстафетаны» алып, мунусу да чектен чыга кутуруп, социалдык
төлөмдөрдү баштан ашырып, дөөгүрсүп сүйлөп, карапайым калктын канын соро баштаган болчу. Акыры элдин каргышы тийип, бүгүнкү күндө мекенинен безип, түйүп кеткен байлыгын кемирип, талаалап жүрөт. Кара башын калкалап, катынын таштай качкан эркек сөрөйдүн тагдырын табалагым келбейт, тек гана тобо келтирейин!

7-апрелден кийин Отунбаев такка отурганы Алиясбек Алымкулов аянттан алган жаракатын ала жыгылып, шылтоолоп, кызматтан кызматка секирди эй, ортодон «Акшумкар» өзгөчө белгиси менен Кыргыз Эл Баатыры наамын илип кеткенге жетишти. Дал ушул сыйлыгына жетине албай, бийлик үчүн өпкөсүн чаап, катуу «дүжүргө» айланып кеткени көпчүлүктүн эсинен чыга элек.

Анан Атамбаев президент болгондон кийин бир топ «одиозный желтамандар» жабырап чыга келишти. Хохмасы Мээрбек Мискенбаев болду, саясаттын «с» тамгасын түшүнбөй эле ар кимге тилин агытып, акыры куудулдар менен кубалашып жүрүп, мандатынан да айрылды. Дагы ушундай итиркейди келтиргендердин «эң көрүнүктүүсү» Дүйшөнбек Зилалиев экени жалганбы? Өкмөттү, дегеле бүтүндөй бийликтин бетине көө жаап, кайдагы бир «Лигласс трейдинг» аттуу аферисттердин компаниясын «ГЭС курмакчыбыз» деп апкелип алып, шермендесин чыгарды. Бир «иттиги» унутула электе мөңгү, «Мегаком» чууларына аралашты. Акыры вице-премьерлик кызматынан алынып, бирок көп өтпөй эле Маммүлктүн төрагалыгына орун которду. Эми да ал жактагы калган-каткан мамлекеттик байлыктарды пулдап жиберүүгө билегин түрүп отурганы кандай? Ошентип, бу«жылчык көз» бүгүнкү жаңы президенттин да сүймөнчүгүнө айланып, бирок, элге жек көрүндү фигура катары «өнөрүн» улантканы калды окшойт. Айтор, кыргыз элинин шору көп экен.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: