Menu

Кыргызстан Дүйнөлүк банктын жардамы менен 13 тез жардам унаасын сатып алды

Бөлүшүү:

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк банктын жардамы менен 13 жаңы тез жардам унаасын сатып алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Унаалар Дүйнөлүк банктын «Кыргызстандагы табигый кырсыктар тобокелдигине карата туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунун алкагында 764 миң 900 долларга сатып алынды. Алардын үчөөндө өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараты бар.

«Тез жардам унаалары жети облуска бөлүштүрүлөт. Алар тез жардам көрсөтүү жана бейтапты ооруканага жеткирүү үчүн зарыл болгон бардык медициналык аппараттар менен жабдылган», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Дүйнөлүк банктын бул долбооруна 9 миллион доллар каралган. Буга чейин долбоордун алкагында дем алуу жабдууларын, дары-дармектерди, портативдик жасалма дем алдыруу аппаратын жана 13 тез жардам унаасын сатып алуу каралып жатканы кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: