Шекербек Камчыбек уулу, жарандык активист:— Өзбек чек арачылары басып алган Сары-Булак участкасы кыргыздарга гана тиешелүү. Себеби 2002-жылы ал жерден автоунаа жолу өткөн. Бул жерге Өзбек тараптан: “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген мамиле жасалууда. Аталган жер эч качан талаш-тартыш жараткан эмес. Белгилей кетчү нерсе, өкмөт, аким, чек ара кызматынын төрагасы дагы Чала-Сарт айылында дегени туура эмес. Өзбекстан басып алган Кербен-Ала-Бука жолунун Сары-Булак участкасы болуп эсептелинет. 1993-1996-жылдары жерди приватташтыруу деген башталып, азыркы Сары-Булак жери Кашка-Суу айыл аймагынын тургундарына үлүш катары бөлүнүп берилген. Аталган жерге ушул күнгө чейин жергиликтүүлөр чөп чаап, эгиндерди эгишкен. Эгерде талаш жараткан жер болсо, бизге үлүш катары бөлүнүп берилмек эмес. Бул маселе бир гана эл аралык деңгээлде чечилиши керек. Бирок, бүгүнкү күндө биздин президентибиз дипломатиялык жол менен чече албайт. Анткени анын туура эмес сүйлөгөн сөздөрүнөн улам чек ара көйгөйү чыгып жатат деп эл арасында сөз жүрүүдө. Себеби, ушул жылдын 17-март айында президентибиз Жалал-Абад облусунда администрациясы менен жолугушуу учурунда “Биз куралданып жатабыз. Биздин куралдар чыңалууда. Эгерде биздин коңшулар бизге кол салса, биз аларды чөгөлөтөбүз” – деп айткан сөздөрү бар экен. Ал эми 18-март күнү болсо, Өзбекстан биздин жерди басып кирүүдө. Ошондуктан бул нерсеге президентибиз өзү күнөөкөр деп эл арасында сөздөр айтылууда.
Упел АНАРКУЛОВА
Булак: “Эл деми”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ