Бишкектин четинде жайгашкан Орто-Сай айылында бирөөнүн үйү өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, аларга Орто-Сай айылындагы Рысмендиев көчөсүндө жайгашкан турак жай күйүп жатканы тууралуу маалымат кечээ саат 20.14тө келип түшкөн. Үч өрт өчүрүүчү бригада тартылып, алар саат 21.40та өрттү чектөөгө алышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ