Menu

Фото – Польшадан келишкен медицина адистери эки топко бөлүнүп, Ош жана Жалал-Абадда иштерин улантышууда

Бөлүшүү:

Жакынкы күндөрү польшалык адистер тобу республиканын түштүгүндөгү эӊ ири оорукана деп саналган Ош областтар аралык клиникалык оорукананын коронавирустук инфекция менен ооруган бейтаптар дарыланып жаткан изоляторунда өз иштерин улантып башташты. Бул тууралу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн, 25-апрелде адистердин бир бөлүгү Жалал-Абад областтык клиникалык оорукананын адистери менен жолугушууга кетсе, бир бөлүгү Ош шаарынын саламаттык сактоо уюмдарында өз ишин улантууда.

Польшадан келген адистер жергиликтүү кесиптештерине консультативдик жардам көрсөтүп, оорулууларды, анын ичинде жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптарды  дарылоо схемалары менен тааныштырышып, өздүк коргонуу каражаттарын колдонуу техникалары жана лабораторияда иштөө менен тааныштырышууда.

Эртең жана бүрсүгүнү Ноокат аймактык ооруканасын, Өзгөн аймактык ооруканасын, Кара-Суу аймактык ооруканасын жана Сузак аймактык ооруканасынын иши менен таанышуу пландалып жатат.

   

   

   

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: