Menu

Өзбекстанда үй талашкан келин кайненесин өрттөп жиберди

Бөлүшүү:

Сурхандарыя облусунун Термез шаарында үч баласы бар келин кайненеси менен үй талашып, аны өрттөп жиберген. Натыйжада 72 жаштагы аял курман болду.

Окуя маалында келиндин он жаштагы баласынын денеси 70% күйүп, ооруканага жеткирилген.

Күбөлөрдүн айтымында, Термез шаарындагы кайнене менен келиндин ортосундагы жаңжал жети жылга созулуп, аягы трагедия менен аяктады. Кошуналарынын айтымында, үч балалуу келин кайненеси менен чогуу жашаган. “Анын күйөөсү 10 жылдан бери Орусияда. Кайненеси ага жатып ичээр келиндин кереги жок экенин айтып, балдары менен кошо үйдөн кууп чыккан. Бирок келин үй ага таандык экенин билдирип, жини менен үйгө бензин чачып өрттөп жиберген”,-деди кошуналардын бири.

Бул факт боюнча “Атайлап өрттө жана адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: