Menu

Жаш акын Каниет Орозбековду эскерүү: Алыкулдай акын боло электе Алыкулдай эртте кетти

Бөлүшүү:

Тамашалары, эч кимдин оюна келбеген, таасын, курч сөздөрү, куюлушкан саптары менен арабызда өзгөчөлөнүп турган калемдешибиз Каниет Орозбеков шум ажалдын көзүнө да өзгөчөлөнүп урунуп калган бейм, өмүрүнүн жыйырма экинчи гана кадамын таштаганда күтүүсүздөн арабыздан алыстап кетти. К.Орозбеков Эл аралык «Нурборбор» чыгармачылык академиясынын таланттуу мүчөсү, И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин үлгүлүү студенти эле.  Жазган ырларын тамшанып уга, келбетин ал түгүл Алыкулга окшоштурчу эле көптөрү. Калемдештери артында калган мурасы – ырларын топтоп, «Мурас» аттуу жыйнагын жарыкка чыгарышты.

Поэзия айдыңына үрөн сээп, бирок түшүмүнүн бышарын күтпөстөн өзү айткан «көгүчкөндөр арбын жакка» сапар тартып кеткен калемдешибиз Каниеттин «мурасынан» назарыңыздарга тартуулайбыз.

 kaniet-orozbekov-muras-kitebi3

Өзүм жөнүндө маалымат

7-май. Төрөлгөнүм ушу күн,

Жерден көккө 170 узунум.

Жеген жактан киши салбайм алдыга,

Жепжеңилмин, бирок арык кишимин.

 

Ата-энемдин желбиреген туусумун,

Алай-дүлөй ташкындаган суусумун.

Кыла албай келем “барга” каниет,

Кызыгы эң, а КАНИЕТ ысымым.

 

Көңүл бурар ойлор менен бөлүшсөк,

Көпкөк тарткан айтсак болот – деңиз деп.

Кем дегенде тынч жатканда эки күн,

Коймок экен ысымымды ЖЕҢИШБЕК.

 

Атам Ороз, Орозбеков фамилиям,

Ата-бабам “Эштек” уруу жагынан.

Анчалык мен майдаланып көрбөпмүн,

Атым кыргыз, затым кыргыз каныман.

 

Суроосуна “каяктыксың” дегендин,

Сонун кылып жообун берем, беленмин.

“Мээрими мол”-сыймыктанып айтамын:

«Мен болом»,-деп “курсагынан энемдин”.

 

Туулган күнүм 7- май, ушу күн.

93мүн… 170 узунум.

Кыла албадым бар нерсеге каниет,

Кызыгы бул, а КАНИЕТ ысымым.

 

Суу жээгинде

Өзөн жээги – көр тирликтен сырткары,

Өзөн жээги – өзүмдү өзүм куткаруу.

Сезсем дагы унтуп салам баардыгын,

Мени эстеп жатса дагы бүт баары.

 

Суу жээгинде тилим суу да, дилим суу,

Суудай буркан-шаркан түшкөн үнүм суу.

Бүт баардыгын эстеш үчүн өмүрдө,

Бүт баардыгын унтуу керек биринчи!

 

Суу жээгинде өзүм Ай да, өзүм Күн,

Суу жээгинде өзүм менен өзүммүн.

Көкүрөктүн туюмуна тең эмес,

Көрөгөчтүк касиети көзүмдүн.

 

Өзөн жээги – өмүрүмө саресеп,

Өмүрүм – суу, демек, агып баары өтөт…

 

****

Баары түш көрүп жаткан өңдүү болду.. Баарыбыз шаңдуу музыкага арбалып, кара тердин ханындай терге чөмүлүп бийлеп жатканда жай ыргактагы музыка орун алып, кыздар балдарды бийге чакыра башташты. Себеби, бүгүн балдардын майрамы эмеспи. Кааласа ырдатып, кааласа бийлеткен уюштуруучу топтун шарты ушундай экен. Булуттан чыккан айдай бурчтан чыга калган көздөрүңө көздөрүм чагылышып өттү. Кандайдыр бир өзгөчө сезимди тутанып, жүрөгүм булкунуп алгандай… Аттиң, бурчта эмес жаныма жакыныраак болгонуңда эмне.. Сага карай таштаган кадамымды башка бийкеч тосуп алды да бийлөөнү сунуштады. Көңүл аябай назик эмеспи, көңүлүн ооруткум келбей макул болуп, тандаган адамым менен ак бийге жөнөдүм (анын үстүнө бий 3 эле минуталык деп ойлодум). Сен болсо көпкө турбай башка адамды бийге чакырдың… Сахнада кеминде отуздай адам бийлеп жатышты. Мен сени тандабай, сени менен бийлебей адашканымды отуз адам тең айтып жатышкансып, кандайдыр таарынган түрдө көздөрүң менен мени карап алдың. Алдастай түштүм… Сен менин бийдеги түгөйүм эле эмес экениңди түшүндүм. Чиркин, ошол убакыттан тартып мезгил агымын, саат кагышын токтотуш мага аябай кыйын болду. Ошол сезимдер..

Бүтпөгөн музыка…

Бүтпөгөн тиктешүү…

 

БҮТПӨГӨН БИЙ…

 

Музыка ыргагында,

Ыргалат аста денем.

Муздакмын кыштын күнү,

тийгенсип ташка денем.

Көпчүлүк арасында,

себеби бийлеп жатты:

Көздөрүм сени менен,

кучагым башка менен.

 

Түшкөндөй атайылап

ак-бийге өңдөнөсүң.

Түш көрүп жаткан сымал

үн-сөзсүз термелесиң.

Бийчилер арасында

сен дагы мен сыяктуу:

Бийдесиң башка менен,

сенин да менде көзүң.

 

Мен сени тандабастан

жаңылдым өкүнүчтүү.

Мейкиндик коюнунда

жол таппай кезигишчү.

Бир бийлеп келүү үчүн

экөөбүз кетсек эмне.

Башка бир алыстарга

тиктетпей көзүбүздү.

 

Туюнтуп сезимдерди

биздеги ар бир кадам.

Турмакпыз алоолонуп

бактылуу- жамгырда анан.

Баардыгы жакшы болмок,

а азыр колдорумду.

Бир бийкеч менен бийлейм

белинен алдырбаган.

 

Бүтпөгөн музыка-бий…

Бүтпөгөн ар кыл кадам…

 

 

АТА СЕНДЕ.

                         Хочу что у папы все было хорошо,

                        а у меня как у папы.

“Туура эмес экен”деп санаса миң,

Таламыңды миңдерден талашамын.

Тиресе да асманды тоо жөнөкөй,

Таянар тоом өзүң да карапайым.

 

Чач агарып баратат курагың ооп,

Чагылгандай “чарк” эткен кыялын жок.

Чыктың анык пайгамбар дөбөсүнө,

Чымынга да кенедей зыянын жок.

 

Үйрөтүүчүм, таянчым, устатымсың,

Үшүбөйм түк сен барда муздасын күн.

Бир дем алуу калтырбай ата, сага,

Бергим келет болсо эгер жүз жашым, чын.

 

Билем, тоонун күн тийчү жери күнгөй,

Бактылуумун, көрөмүн сени күндөй.

Ата сенде болсунчу баары жакшы,

А меники болсо экен сеникиндей.

 

Кечиргиле

Өзүмдү таштап барам, алсыз сезем.

Өмүрдо болбосо эх, арсыз кез эң.

Өзгөгө залакамды тийгизбейин.

Өз жолум менен өзүм жалгыз кетем.

 

Чекемдин бырыштары кат-кат болуп.

Чындыкты көкүрөктө сактап берип.

Чыладан чыга албай турам азыр.

Ченебей ичип алган акмак болуп.

 

Жасалма учурашып, жылмаямын.

Жалганды бетке кармап чынды аядым.

Жакындар кечиргиле, кечиргиле.

Жазыгым бир башымда кылдай арбын.

 

Мен эми мезгил менен жарышпаймын.

Максатсыз өмүрүмдү табыштаймын.

Мойнума бир чындыкты ала кетем.

Максатуу пенделерден алыстаймын.

 

Кошкула сындырым нан бөлүшкөндөр.

Кошкула мени менен көрүшкөндөр.

Кетейин арал таап ошол жакка.

Кетейин арбын жерде көгүчкөндөр…

 

“Нурборбор” чыгармачылык академиясы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: