Menu

Турат Акимов, саясат талдоочу: “Өлкөдөгү окуялар Сооронбай Жээнбековго чоң сыноо болууда”

Бөлүшүү:

– Бүгүнкү чек арадагы абалга ким жооп берет, акыры кандай болот?

– Негизи Конституциянын чечмелениши боюнча бир гана президент жооп берет. Ал – аскер башы, эл башы. Сырткы да, ички да иштерди көзөмөлдөйт. Сырткы байланыштарды түзөт жана кыргыз аскерин, атайын күчтөрдү күчтөндүрүп, ошолордун башчысы болот. Анан бул Текебаев жазган Конституция боюнча көп укуктарын парламент алып алган. Бирок парламент алып алганы менен бир түрдүу чече албайт. Анткени ал жерде 120 киши бар. Ошондуктан Баткен окуялары, чек ара окуялары, согуш окуяларын президент гана жетектеш керек.

Керт башы менен жооп бериш керек жана көзөмөлдөө зарыл. Азыркы окуялардын баары Сооронбай Жээнбековдун акылдуулугу, чечкиндүүлүгү, кыраакылыгы, даанышмандыгы, дипломатиялыгы ж.б. касиеттерине жараша чечилет. Анан кандай деңгээлде, кантип чече алат, бул маселеге кимдерди тартат? Албетте, мунун баары бул кишинин гана колунда. Укуктун баары бул кишиге берилген. Калгандары кеңешчи болуп жатышат. Жардам бере алат, бирок аларда укук жок. Ошондуктан учурда болуп жаткан окуялар ажого чоң сыноо. А Жээнбеков бул жерде эбегейсиз эмгек, акылмандык, өтө кыйын чаралар, шаймандар менен, амалдар менен чечиши керек.

– Эгерде президент ойдогудай чече албаса, кандай күнгө туш болобуз?

– Болбосо, биздин жерди Израиль Палестинаны кысымга алгандай кылып, бир метрден жылып отуруп, Өзбекстан, Тажикстан биздин чектен өтүп, түштүк региондун баарын колго алганга аракет кылат. Анткени, суунун ресурстары бизде көп. 1 миллиондон ашык эң тың (18 жаштан 50 жашка чейин) жигиттер Кыргызстандан чыгып кеткен. Бизде азыр күч кубат аз. Аскерлердин баары бюджетте акча жок болгондуктан, көңүл бурулбай, таштанды катары колдонулуп, кубаты, эрки кетип калган кез. Курал-жарактарыбыз өтө төмөн акыбалда. Мындайча айтканда, Баткенден Лейлекке аскер күчүн жөнөтө албайбыз. Анткени ортодогу кысылган жерлерди тажиктер бууп койсо, биз Лейлектеги Максат айылына согуш куралдарын дагы жеткире албай калабыз. Ошентип Лейлек районун тажиктер толук бойдон кесип, өздөрүнө алып, анклав кылып, күнүгө бир метрден кесип алганга аракет кылып жатышат. Бул ачык-айкын көрүнүп турат. Буга президенттин көрөгөчтүгү жетип турат. Аябай кунт коюп ойлонуп, жакшы таризде чечет деп күтөлү.

– Тургундардын абалы, турмушу эмне болот?

– Тургундар өлгөнгө даяр боло берет. Өлө берет. Кырылыша берет. Майда балдар, кары-картаңдар, аялдар качып суюла берет. Ошентип Лейлек району Палестинадай болуп, эли азайгандан азаят. Биздин жерлер бош кала берет. Тажик эли басып ала берет.

– Бир муштумдай биригип, акылмандардын акылын пайдаланууга болобу?

– Биздин Конституция ушундай шалаакы болгондон кийин, эл каймактарын, акылмандарын жыйып, уюткулуу ой жаратып, уюткулуу максат коюп, ошонун тегерегинде иш жасаганга мүмкүнчүлүк жок. Анткени мыйзам талаасы ага жооп бербейт.  Ар бир маселени парламент чечип, анан екмөткө тапшырып, президент көзөмөл жүргүзүп, анан  анысын күтмөй. Баардык мыйзам талаасы талкаланып калган. Ошондуктан мамлекетте бардак, хаос. Ким эмне кыларын билбейт. Кечээги тест сыяктуу, “ким не жеди, ким өчүрдү, эмнеге тоңуп калды, акча кайда?.. Билбейбиз…” деген таризде. Чек арада да азыр ушундай абал. Мунун баарын бир кездери Акаев баштаган, “Кыргызстан аскерсиз мамлекет болот. Биз нейтралитет түзүм курабыз, эл аралык деңгээлге жетебиз” деп. Аскердик режимдин ишпалдасын кетирип салган. Ошондон кийин аскерлерибиз эч нерсеге жарабай, Орусия, Казакстан жардам берип, Баткен согушун эптедик. «Бир аз тыңыдык, эрдик керсөттүк» деп жүрө беребиз. Саясатыбыз өтө төмөн акыбалда. Ошон үчүн мамлекетибизди сактап калабыз десек, бизге жаңы, таза күчтөр келиши керек. Жаш эмес, жаш десе баягы эле Салымбековдун, Келдибековдун, Атамбаевдин балдары, Куловдун, Курманбек Осмоновдун балдары уланып келе берсе, азыркы «чимкирик элитанын» балдары, туугандары, тукумдары бийликке келе бергенден жашообуз оңолбойт. Алтымышка чыкса да, элүүгө чыкса да бизге жаңы күчтөр керек. Бизге Пашинян, Монголиянын президенти сыяктуу жана Зеленский сыяктуу таптаза, жаңы күчтөр келиши керек. Иш жүзүндө жалаң эле акасы, үкасы, бажасы, кудасы, балдызы келе берсе, эч качан оңолбойбуз. Алар үй-бүлө кызыкчылыгын гана коргоп калат.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: