Москвада 21 жаштагы кыргызстандык кыз төрөп, баласын ваннадагы толтурулган сууга салып тумчуктуруп өлтүрүп салган. Бул тууралуу кечээ, 5-июнда «360» басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарга шилтеме берүү менен жазды.
Маалыматка караганда, жаш эне 2-апрелде кыз төрөгөн. Бирок баласын багууну каалабагандыктан сууга чөктүрүп, андан соң баштыкка салып, үйдүн жанындагы таштанды таштоочу жайга ыргытып жиберген. Ал 2-июнда ооруканага барып, жансыз түйүлдүктү төрөгөнүн айткан. Бирок соттук-медициналык экспертизалардын натыйжасында ымыркайдын өлүмүнүн чыныгы себеби аныкталган, тактап айтканда бала тирүү төрөлгөн.
Аталган кыз Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (жаш баланы өлтүрүү) боюнча кармалган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ