8-июндан кийин Оштогу мечиттерде санитардык нормалар сакталбаса жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу кечээ, 6-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымында, мечитке келген ар бир адам беткап кийиши керек. Мекеменин ичинде антисептик каражаттары болушу шарт.
«Бардык мечиттер санитардык талаптарга жооп бериши керек, антисептиктер жана бет каптар менен камсыз кылынышы керек. Мечитке барган ар бир адам беткап кийип, социалдык аралыкты сактоо керек. Санитардык талаптар аткарылбаса, жабууга туура келет », – деди Сарыбашев.
Эске салсак, 8-июндан тарта өлкөдөгү диний мекеме болгон мечиттер, чиркөө жана намазканалар ишин жандантат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ