Жогорку Кеңештин депутаттары өлкө казынасын үнөмдөө үчүн жеңилдиктерден баш тартуу популисттик кадам болгонун парламенттик жыйында айтып чыгышты. Отурумда «Жогорку Кеңештин депутатынын макамы» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү каралган. Ага ылайык, мыйзамчыларга мындан ары кызматтык унаа, батир жана курортко эс алууга жолдомо берилбейт болчу. Бирок бул жагдай туура эместигин, жеңилдиктен баш тартуу депутаттардын ишмердүүлүгүн солгундатаары айтылды. Депутат Исхак Пирматов АКШнын конгрессмендеринде кызматтык унаа жоктугун, бирок 18 жардамчысы бар экендигин айтып: «Бир жардамчы сапаттуу мыйзам долбоор жаза албайт», – десе, Талайбек Масабиров кол тийбестиктен баш тартып, жеңилдиктерди калтырууну сунуштады. Депутат Айнура Осмонова парламент күчүн жоготкондугуна, баарын тарттырып коюп жаткандыгына кейиди. Ирина Карамушкина жеңилдиктен «Республика – Ата-Журт» фракциясы баш тартканын башкаларга таңуулабаш керектигин, бул мыйзам кабыл алынса интеллигенция өкүлдөрү парламентке келе албай калаарын эскертти.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ