Menu

Фото – Ысык-Көлдө прокурордун ага жардамчысы 150 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 22-майда Каракол шаарында УКМКнын ККК кызматкерлери Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү менен биргеликте Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы 1982-жылы туулган К.А. 150 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармашкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Такталгандай, прокурордун ага жардамчысы арыз ээсинин уулуна карата козголгон кылмыш ишин жеңилдетүү боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 2000 доллар талап кылган.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнө (“Пара талап кылуу”)  боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам УКМКнын тергөө изоляторунун убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: