Menu

Видео – Тилек Токтогазиев: “Мен согушка аттандым, чириген системаны сындырам, 1847-жылы менин 6-атам Кашкар баатыр душмандарды жеңип чыккан”

Бөлүшүү:

“Мен бүгүн чоң саясатка биринчи кадамдарды таштадым. Эң чоң бир оппозициялык блокту түздүк. Эмне үчүн мен бул биригүүгө бардым?” – деп билдирди кечээ, 5-июнда “Ата-Мекен. Жаңы дем” оппозициялык блогуна кошулган жаш күнөсканачы бизнесмен Тилек Токтогазиев.

“Анын эң негизги себептерин айта кетсем: биринчиден, мен акыркы 4-5 жылдан бери күнөсканачылардын жетекчиси катары контрабанда маселесин көтөрүп, келе жатам. Жогорку Кеңешке, Өкмөткө, Президентке да айтып жаттык, бирок эч нерсе өзгөргөн жок. Контрабанданы токтотмоюнча айыл чарбабыз эч качан өнүкпөйт. Экинчиден, мен акыркы жылдарда эң жакын адамдарымды жоготуп жүрөм. Жакында эле атамды жоготуп алдык. Сопсонун турган атам ушул медицина катуу кризиске киргени жана толтура каталары болгону үчүн атамды жоготуп алдык. Ага чейин мен эки байкем, бир эжемди да жоготуп алдым. Жакын болгон бир байкем бандиттер менен согушуп жатып жоготконбуз. Бул мен үчүн эң акыркы тамчы болду. Биз Кыргызстандагы азыркы системаны талкаламайынча өзүбүздүн эң жакын кишилерибизди жоготуп таштайбыз. Мындай абалда бизде эки эле жол бар: же бир жакка, башка өлкөлөргө кетиш керек же биякта калып, бул жерлер үчүн согушушубуз керек. Мен ушул экинчи жолду тандадым, бирок бул жакта биригүү менен биз көпчүлүктү алалбайт экенбиз. Эң негизгиси биз бир күчтүү оппозициялык блокту түзүп, Жогорку Кеңештеги көпчүлүктү алалы. Эгерде азчылык болуп калсак анда биз реформаларды кыла албай калабыз… Биз лидерликти алалы. Улуу муундагы саясатчылардын доору өттү. Жаштар биригели, профессионалдар биригип реформа жасайлы… 1847-жылы менин 6-атам Кашкар деген баатыр болгон. Ал кезде кыргыздарды ичинен бөлүп-жарып, геноцид кылып жатканда менин чоң атамдар кыргыздардын башын бириктирип, өзүнөн үч эсе көп душмандарын жеңип чыккан. Мен сезип турам: ошол аталарымдын рухтары жанымда жүрүп, мени колдоп жатышат. Ошондуктан мен өз жеримде калып, мекенибизди сактап калып, балдарыбызга өткөрүп берели”, – деди Тилек Токтогазиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: