Menu

КСДП фракциясынын аласы менен карасы…

Бөлүшүү:

Белгилүү болгондой, КСДП депутаттары ич ара үч-төрт топко бөлүнүп, ынтымак ыдырай баштаганы жашыруун эмес. Иса Өмүркулов канчалык биримдикти бекемдегенге аракет кылбасын, бирок болбой эле «ичтен чыккан ийри жыландар» өз арбайларын сого беришет тура. Айрымдары тымызын «Ата Мекен» фракциясына ыктаса, калгандары өз ара жиктешип…

Аз күн мурун КСДПдагы Музаффар Исаковго коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Башында байкабай депутат кылып алышып, аныгында минтип былыгы чыгып отурат. Мындай кылмышка шектүүлөр дагы толуп жүрбөсүн? Баса, Мелис Турганбаев ИИМди жетектеп турганда, Рыскелди Момбековго «Учкундагы» кылыктары боюнча кылмыш ишин козгоо менен камакка алууга батынганы, бирок, жогору жактагылар токтотуп койгону каңкууланган. Даты бир Мурадил Мадаминов деген депутат бар экен. Мунун Баткендеги мүлк, жерге байланышкан кыңыр иштери жакында тергелип калышы мүмкүнбү? Ал эми Абдувахаб Нурбаев болсо, фракциянын ишине кайдыгер караганы, жеке кызыкчылыгы менен жүргөнүн мындан билели. Өткөн жылдын 1-сентябрынан 30-декабрына чейин КСДПнын 11 жыйыны болсо, А.Нурбаев ошонун бирөөсүнө гана катышканы эмнеси? Ушундай да болобу? «Балашкага» келсек, мунусу КСДПнын саясатына каршы сүйлөгөнүн койбоду. Ушундай кейиштүү картина…

Айтор, барган сайын бийлик партиясынын былыктары чыгып отуруп, аягында элге жек көрүнүү менен четинен куула баштайбы?..

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: