Menu

Жаш мугалимдердерге Кара-Алмада окушту

Бөлүшүү:

Мектепте балдарга татыктуу тарбия, терең билим бериш керек. Аны үчүн мугалимдин өзү тарбиялуу жана билимдүү болушу шарт. А эгер мугалимге ушул багытта жардам керек болсо, анда эмне кылыш керек? Жалал-Абад шаардык жаштар комитети, шаардык билим берүү башкармалыгы жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик кошууну буга жооп табышты.

Дем алыш күндөрү Сузак районунун Кара-Алма токоюнда жайгашкан “Алтын балалык” эс алуу жайында облустагы жаш мугалимдер үчүн окууларды өткөрүшүп, алардын кийинки ийгиликтүү ишине стимул беришти.

Уюштуруучулар мектептерде окутуунун сапатын жогорулатуу үчүн жаш кадрларды даярдоо зарылдыгын белгилешет. Ошондуктан окууларга 3 жылга чейинки эмгек стажы бар жаш адистер катышып, аларга окутуунун алдыңкы тажрыйбалары сунуш кылынды.

Билим берүү тармагындагы жаш мугалимдерге жардам иретинде өткөрүлгөн мындай окуулар ушуну менен токтоп калбайт. Эми тажрыйба алмашуу окуулары Жалал-Абад облусунун деңгээлинде башка аймактарда да уюштурулмакчы. Бул жаш мугалимдер үчүн өтө маанилүү дешет уюштуруучулар.

Эскерте кесек, биринчи жолу уюштурулган бул жайкы окууларга Жалал-Абад шаарынан 20 жана облустун ар кайсы райондорунан бирден жаш мугалимдер келишкен. Бул иш-чараны өткөрүүгө Жалал-Абад шаардык жаштар комитетинен жана шаардык билим берүү башкармалыгынан 20 миң сом бөлүнгөн. Окуунун соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: