Menu

Артур Медетбеков, коомдук ишмер: “Президент Матраимовго көз каранды эмес”

Бөлүшүү:

– Артур мырза, айрым саясатчылар бийлик ушул тапта өз күчүн көрсөтпөсө, Матраимовдордун алдында алсыз болуп калаарын айтышууда. Ошондой эле Матраимовдор Ош облусу менен Кара-Суу районунда өздөрүнүн бийлигин орнотуп алгандыгы боюнча да маалыматтар бар. Чындап эле Матраимовдордун кланы түштүктү бийлеп алганбы?

– Мен антип ойлобос элем. Анткени, Кыргызстанда бийлей турган бир эле бийлик бар. Ал мыйзамдын бийлиги. Мыйзамдын диктатурасын орнотуш үчүн жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер керек, анан да укук коргоо органдарынын баары мыйзамдын гана негизинде иш кылышы керек.

Мен “Матраимовдор Ошту, Кара-Сууну бийлеп алды” – дегенден алысмын. Эгер алар чындап эле түштүктү бийлеп алса, ал жерге прокуратуранын, УКМКнын кереги жок болуп калмак. Алар иштеп, өздөрүнүн жумуштарын аткарып жаткандан кийин андай нерсе орун алышы мүмкүн эмес деген ойдомун. Ал жерде маселе Матраимовдордо эмес, мүмкүн маселе УКМКнын, соттун, прокуратуранын жетекчилери же президенттин өкүлдөрүндө болушу мүмкүн. Себеби алар өз милдеттерин так аткарбашы ыктымал. Эгерде имиштерде айтылгандай чындап эле Матраимовдор тымызын түштүктү бийлеп алган болсо, анда тезинен текшерүүгө алынышы керек. Анткени, кыргыздарда сөз жөн эле жерден чыкпайт.

– Матраимовдор президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековго укмуштуудай колдоо көрсөткөнү үчүн Финполиция “Райым-миллиондун” мүлкүн эсептеп бүтө албай жатабы? Сооронбай Шарипович чындап эле президенттик шайлоодо Матраимовдорго карыздар болуп калганбы?

– Президент Матраимовдорго финансылык же кандайдыр бир деңгээлде каражат жагынан көз каранды деп ойлобойм. Анткени, президенттин “жакын тууганым болсо да, мыйзам бузса, коррупцияга аралашса аябайм”- деген сөзү бар. Укук коргоо органдары Матраимовдордун эл арасында айтылып жүргөн жана “Азаттыктын” иликтөөсүндө келтирилген фактылар боюнча “эртең эмне болуп кетем?”- дебей териштирип башташы керек.

– Айрым саясий серепчилер “бийлик Матраимовдорго каршы иш кыла турган болсо, түштүктөгү колдоосунан ажырайт”- дешет. Ошол чынбы?

– Андай болбосо керек. Түштүктө Матраимовдордун кланына тете болгон кландар деле жетиштүү. Бийлик Матраимовдордун мыйзамсыз иштерине каршы чыкса эле, элдин колдоосунан ажырап калбайт. Түштүктө аларды да, президентти да колдогондор жетиштүү. Кыргыз мамлекети эки чоң төңкөрүштү баштан кечирди. Анын жыйынтыгы менен бири 15, бири 5 жыл башкарган президенттер Кыргызстанды бир көрүүгө зар боло турган абалга жетти. Акчасына жана башка нерселерине таянып, мамлекетти өз билгенибиздей калчайбыз деген максатта иш алып баргандар кандай мезгил болсо да, өз эсебин алышат. Мүмкүн Матраимовдорду таасирдүү деп, бийликти алсыз кылып көрсөткүсү келгендер Кыргызстанда стабилдүүлүктүн болушун каалабай, кырдаалдын башка нукта өрчүтүш үчүн айтып жатышкандыр.

– Кыргызстанда коррупция жана “мыйзамсыз баюу” боюнча күрөш тандалма жүрүп жатабы?

-Ачыгын айтыш керек. Көп учурда коррупциялык иштер уурдалып же коррупционер Кыргызстандан качып кеткенден кийин иш козголот. Учурунда камалып, кармалбайт. “Коррупцияга каршы күрөш күч алды” дегенибиз менен коррупциянын башын албай, куйругун чаап жаткандайбыз. Ошон үчүн коомчулукта коррупция, мыйзамсыз баюу боюнча күрөш тандалма жүрүп жаткандай сезилип жатат. Чынында тандалма эмес, бир беткей эле жүрүп жатат. Бир беткей жүрүп жатканы үчүн ТЭЦ боюнча бир эмес, эки премьер-министр камакка алынды. Ошондой эле бир нече депутаттар, бир нече министрлер камакка алынды. Ошолорду эске алсак, иш тандалма жол менен жүрүп жатпаганын далилдейт. Матраимовдордун ышка чыгарып кеткен каражаты аныкталып, тийиштүү чара көрүлсө, иш башка форматка өтүп, мындай сөздөр айтылбай дагы калышы мүмкүн.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: