Бүгүн, 3-августта Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жумушка чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
Стационардык дарылоодон кийин, министр өзүн-өзү изоляция режимин сактап, дагы бир жума үйдө карантинде болду. Анын милдетин убактылуу министрдин орун басары Мадамин Каратаев аткарып келген.
Эске салсак, 8-июлда Сабиржан Абдикаримов пневмония менен ооруп калганы белгилүү болгон. Ошондой эле социалдык тармактарда министрдин иштен кеткени тууралуу кептер тараган. Бирок өкмөт ал кептерди төгүндөп, Абдикаримовдун кызматтан кетпегенин айткан.
Бүгүнтөн баштап министр адаттагыдай эле иштеп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ