Menu

Москва олимпиадасына 40 жыл:  Коло байге ээси, дулдул Сатымкул Жуманазаров

Бөлүшүү:

Мезгилдин учкулдугун караңыз. Москва олимпиадасы кечээ эле болгондой элес калтырат. Андан бери жылдар жылга жалгашып 40 жыл өтүптүр. Чынында эле 1980-жылкы Москва олимпиадасы айрым спорт күйөрмандардын, адистердин көз алдында дале элеси эстен чыкпай, кыргыз спортунун  туу чокусу, бийиктиги катары бааланып келатат.

Быйыл  Москва олимпиадасынын 40 жылдык мааракеси учурдагы коронавирус жана пандемия илдеттеринен улам салтанаттуу белгиленбей калганы менен күйөрмандардын эсинде бекем сакталуу.  СССРдин курамындагы Кыргызстан дагы Москва олимпиадасында 5 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңип, кыргыз спортунун эң бийиктигине жетишкен.

Ошондуктан спорттук баяндамачы, жазуучу Кабыл Макешов  1980-жылкы Москва олимпиадалык оюндарында жылдызы жанып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиада чемпиондорубуз даңазалуу мерген  Александр Мелентьев, атактуу оор атлетчи Каныбек Осмоналиев,  белгилүү жеңил атлетчи Татьяна Колпакова,  ат спорт чебери Александр Блинов,  жөө күлүк Николай Чернецкий, марафондук жарышта коло медаль уткан дубанды жарган дулдул  Сатымкул Жуманазаров, фехтование мелдештерде күмүш байге уткан  Александр Абушахметов, олимпиада оюндарда байгелүү бешинчи орунду камсыз кылган Марина Сысоева спорттук тагдырлары, өмүр таржымалдары жана олимпиадалык бийиктиктери, спорттогу каармандыктары тууралуу  “Москва олимпиадасы-Кыргыз спортунун туу чокусу” аттуу китепти 3 ай мурда жазып бүтүп, каржы маселесинен улам жарык көрбөй турган эле. Кыргыз Республикасынын Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинин директору, Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти Канат Аманкуловдун демилгеси менен бул китеп жакында жарык көргөнү  “Турар” басмасында басылып жатат.

Мындан 40 жыл мурда 1-августта Москва олимпиадасынын марафон боюнча мелдеш курч мүнөздө өткөн. Кыргызстандык жөө күлүк  Сатымкул Жуманазаров 42 киллометр 195 метр аралыктагы жарышта марага үчүнчү болуп келип, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, коло медаль тагынган. Ал жеткен бийиктикке учурда дагы Шериктеш өлкөлөрдөн бир дагы марафончу жете элек.   Ошондуктан бүгүн “Москва олимпиадасына 40 жыл” түрмөгүбүздөн даңазалуу жөө күлүк, маркум Сатымкул Жуманазаров тууралуу очеркти назарыңыздарга сунуш кылабыз.

Олимпиадалык оюндардын коло медаль ээси  Сатымкул Жуманазаров

Даңазалуу жөө күлүк, марафондук жарышта Москва олимпиадасынын коло байге ээси Сатымкул агай менен көзү тирүүсүндө маектешип калчу элем. Бир жолку маектешүүбүзгө назар салыңыздар.

–Тагдырга таарынып болбойт. Маңдайга жазганын көрөт экенсиң. Мен бул жашоодо көп ийгиликтерге жетип, далай жакшылыктарга күбө болдум. Турмуш жолум дароо шыдыр кеткен жок. Турмуштун өйдө-ылдыйы, көкөй кескен кыйынчылыктар, тоскоолдуктар да, кыйынчылыктар да болду. Алдамчыларга да туш болуп, куулук-шумдуктарды көрүп, ичи тар, арамза адамдарды да кезиктирдим. Баарына чыдаган сабырдуу адам гана ийгиликтерге жетет экен. Мени дүйнөлүк жеңил атлетика ишмерлери жакшы тааныйт. Эл аралык турнирлерде жеңишке жетишип, кыргыз өңүн дүйнөгө тааныта алдым.  Менин жеңишиме тоскоол болгон, мени көрөалбаган адамдардын айынан Москва олимпиасында алтын медалга жетпей калдым. Балким менин багыма ушундай тагдыр жазылса керек. Бирок, бул жашоого кыргыздар айтмакчы жөн эле  келбей, артымда из калтырдым. Ысымым  тарых барактарына жазылды. Советтер союзу боюнча менин ийгилигимди азыркыга чейин эч бир марафончу кайталай элек. Менин байгеме арналган эл аралык жеңил атлетика турнирин уюштурган Канат Аманкуловго ыраазымын, -деген эле маркум Сатымкул Жуманазаров.

   

   

Анан мен сурап калдым, «спорттук тагдырыңызда кайсы ийгилигиңизди башка жетишкендик деп баалайсыз?-деп.

-Силер Москва олимпиадасынданы коло байге утканымды айтат деп турсаңар керек. Ал тууралуу кеп жок. Менин ал көрсөткүчүмдү азыркы учурга чейин бир дагы советтик жана кыргызстандык спортчу кайталай элек. Мен өмүрүмдө 80 километр аралыкты багытканыма сыймыктанам. Бул көрсөткүчүм учурунда Гиннес рекорддор китебине катталбай калганына гана өкүнөм. Мында аралыкты ар бир инсан чуракмак түгүл бир дем менен баса да албайт.

-Анан чуркоого жолгон кызыгуу, бул спортко болгон сүйүү качан, кандайча ойгонду эле?

– Мына ушул суроого азыркыга чейин жооп таба албай жүрөм. Балким тубаса жөндөм, шык болсо керек. Бала чактан бери башталып, жан дүйнөдө катылып жатса керек. Мисалы, он жашымда 50 километр аралыктагы коңшу айылдагы эжемдин үйүнө чуркап барып келчүмүн. Ал эми спорт менен машыгуум кокустан болуп калды. Мен жана айылдык курбуларымдын борбор калаа Фрунзеге (Бишкекке) барсак, шаарды бир көрүп келсек деген каалоо тилек бар эле. Ал үчүн баарына даяр элек. Мен Таластагы Ивано-Алексеевка кесипчилик техникалык окуу жайда курулуш адистиги боюнча окуп жаткам. Бир күнү биздин окуу жайдагы дене тарбия мугалими Анаркул Кыбраев «ким окуу жайдын биринчилигиндеги жарышта биринчи келсе, ошол Фрунзеге барат» деп калды. Эки километрлик жарышта адыраңдап марага биринчи келдим. Фрунзе дегенде куштай учтум го, чиркин. Анан бир айдан кийин көптөн самаган Фрунзеге келип, «Эмгек резерви» спорт коомунун республикалык биринчилигине катыштым. Бул мелдешке деле мыйзамдуу түрдө, бардык эрежелерди сактап  катышканым жок. Мындай мелдешке катышуу үчүн райондук, облусттун биринчиликтеринде жеңүүчү болуш керек экен. 8 киломерт аралыкка жарышка катышып, алдыңкы сапта келдим. Мен болсо Фрунзеге келгениме эле сүйүнүп,  аркы-беркини карап, оозум ачылып жүрдүм.  Анан бир жылдан кийин кесиптик-техникалык окуу жайларынын республикалык спартакиадасы болуп, байгелүү орунга жеттим. Мындай бактылуу сааттарым, көз ирмемдер узакка созулган жок. Кесипчилик техникалык окуу жайын аяктап, өзүмдүн туулуп өскөн айылымда куруучу болуп иштей баштадым. Айылда кайдагы спорт, кайдагы жарыштарга катышуу болмок эле. Мал сарайларын, балдар бакчаларынын курулушунда кол жооруп иштеп жүрдүм. Дагы жакшы совет доорунда спортко маани берилип, таланттуу жаштар көз жаздымда калчу эмес. Ана дагы спорт менен машыгуу, жеңиштерге жетүү сыймыктуу, ардактуу болчу. Мени бир жылдан кийин райондук спорт жетекчилери эстеп, «Колхозчу» спорт коомунун райондук биринчилигине чакырышты. Кара жумушта иштеп жүргөндүктөн ал-күчтүү элем. Эртели–кеч чуркап, бат эле табына келдим окшойт. Анан райондук, облусттук мелдештерде биринчи орундарды ээлеп, өзүмдү чемпион сезип калдым. Республикалык турнирге катышып, марага төртүнчү болуп келдим.Спорт ийримдерине катышып, спорт мектептеринен таалим-тарбия алгандар менен теңтайлашып, аз секунд менен байгелүү орунга жетпей калдым. Муну кыраакы устаттар байкап, мага Борбор Азия жана Казакстан республикаларынын чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк беришти. Ошондон баштап, тагдырым биротоло спортко байланып, жеңил атлетикага болгон чыныгы кызугуум ойгонду окшойт.

-Анан өзүңүздүн туулуп өскөн айылда, Таласта жашап, кантип машыгып жүрдүңүз? Же жаныңызда кеп-кеңеш айткан устатыңыз болбосо?

-Анын жарасы жеңил болду. Менин жаңы устатым Виктор Федорович Борисов турмуш шартымды туура түшүнүп, мага машыгууга жеке план түзүп, ирээти менен баарын жазып берди. Анын бардык талаптарын так, туура аткарууга аракет кылып, машыгууга баш отум менен кириштим.   Виктор Федорович дагы менин аракетимди баалап, республикалык бардык мелдештерге чакырып, кеп-кеңештерин айтып турду.

1971-жылдан баштап бүткүл союздук мелдештерде өзүмдү сынап көрүү үчүн, Кисловодск шаарында өткөн «Урожай» спорт коомунун жеңил атлетикалык кросс турнирине катыштым. 8 километр жарышка үч жүздөй жөө күлүк катышып, марага 8инчи болуп келдим. Бул деле дурус көрсөткүч эле. Ошол жылы күзүндө жаштар арасында СССРдин биринчилигине катышып, атактуу жөө күлүк Иван Порлуй менен бирге жарыштым. Мында деле жон ортодон жогору, алдыңкы топто жүрдүм. Бул мелдештер мага чоң сабак болуп, кийинки жылдары мелдештерде марага биринчи келип, алтын медалдарды тагына баштадым. Ошентип өзүмө болгон ишеним жаралды.

-Орто аралыктарга жүгүрүп жүрүп, кандайча марафондук жарыштарга кызыгып калдыңыз эле?

– 42 километр аралыкты багындырууну мурдатан эле самап, жан дүйнөм тынчтык бербей жүргөн эле. Аны устатыма айткан эмес элем. Бир жолу абдан ээлигип калдым. Балким шайтан азгырдыбы же периште белги бердиби, билбейм. Ужгород шаарындагы турнирде мен устатыма « мени марафонго жазыңыз. Марафонго чуркайм» деп акидей асылып алдым. Виктор Борисов чок баскандай чочуп кетти. «Марафонго чуркоо үчүн медициналык карточка керек. Сенде ал жок. Анан дагы марафонго чуркоо үчүн атайын даярдык зарыл. Кайдагыны айтпай, жөн жүрчү» деп  сөз жебей койду. Мен көгөрүп, айтканымдан кайтпай туруп алдым. Айласы куруган устатым бир нече күндөн кийин макул болуп, марафонго чуркоого уруксаат берип, бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алаарын билдирип, уюштуруучуларга тил кат жазып берди. Биринчи марафонум. Мен сүйүнгөнүмдөн тим эле жаанын огундай сызып бараттым. Марафондун алыскы марасын ойлобой эле 100 метрге чуркап бараткандай желдей учтум. Көрсө марафон деген 35 километрден кийин башталат деген туура экен. 36-километрде шайым кетип, «болду, өлүп калам го» деген ой келди. Намысыма чыдабай марага эптеп тиштенип жатып, өлдүм талдым дегенде араң келдим. Устатымдан абдан тил уктум. Анан гана марафондук 42 километр аралыкты кантип чуркоо керектигин иликтеп, изилдеп техникалык ыкмаларын талдоого алып, чындап машыгууну баштадык. Жеңил атлетиканын чыныгы түйшүгү, ысык-суугу эми гана баштан өтүп жатты. Жеңиштер да, жеңилүүлөр да болуп, ооруп, жаракат алган күндөр да кезикти. Алыска чуркаган аргымактай улам бир бийиктикти самап, тажрыйба топтоп, марафондо жоготкон күч-кубатты кайра толуктап, түйшүктүү да, машакаттуу да, ырахаттуу да күндөр башталды.  Монераль олимпиадасына талапкер боло албай  калдым. Ошондой болсо дагы СССРдин тандалма командасынын мүчөсү болуп, мыктылардын сабына кошулдум. Баары өзүмдүн аракетиме байланыштуу эле. СССРдин эң мыкты деген марафончулары Монераль олимпиадасына аттанып кетишти, мен болсо Колумбиядагы марафонго жөнөдүм.

Анан Бүткүл дүйнөлүк студенттердин Универсиада оюндарына катышып, Леонид Моисеев менен достошуп, курбу болуп калдым. Ал кийин Европанын чемпиону болду. Бир жолку маегинде «Сатымкул Жуманазаровдун колдоосу менен гана финишке биринчи келдим» деп айткан эле.

-СССРдин олимпиадалык тандалма командасына качан кабыл алындыңыз эле?

-Олимпиадага эң мыктыларды тандап алуу мелдештери Москвада өттү. Бул марафонго Леонид Моисеев катышкан жок. Ал ошол учурда лидер аталып, биринчи сапта тургандыктан башкы командага эч кандай мелдешке катышпай түз дароо кабыл алынган. Калган эки орун үчүн советтер союзунан мен деген 800 жөө күлүк жарыштык. Мен марага экинчи болуп келдим. Владимир Котов биринчи болду. Марафонго ар бир мамлекеттен үчтөн ашык спортчу катышчу эмес. Ошентип үчтүн бири мен болдум.

-Эми гана Москва олимпиадасынын марафондук жарыштары тууралуу кептин удулу келип калды окшойт. Сатымкул агай олимпиадалык марафон кандай башталып, кандай жыйынтыкталды эле?

-Эмнени, кайсы арманымды айтайын. Стартка жыйырма күн калганда советтик делегациянын чиновниктерин, федерациянын жетекчилерин Валентин Сыч ээрчитип келди. Анан бизге мындай тапшырма берип, талап коюшту. «Моисеев-лидер. Силер аны бардык аралыкта колдоп, сүрөөнгө алып чуркайсыңар. Суусун убагында берип, терин аарчып, коштоп жүрүшүңөр керек» дешти. Алардын айтканы биз үчүн мыйзам эле.

-Кечиресиз Сатымкул агай. Кандайча жардам берип, колдоого алышыңыздар керек экен. Силер деген бирин бири колдоого алгандай футболдук команда эмес элеңиздер да… Марафондо ар ким жекече чурайт эмеспи. Кызыктын баары алдыда го…

-Ооба, сен баамдагандай кызыктын баары алдыда турду. Европа чемпиону Леонид Моисеевге биз суусундуктарды берип, терин сүртүп, бардык аралыкта колдоого алууга милдеттүү элек. Ал учурда советтик тартип, талап катуу эле. 35 километр чуркагандан кийин биздин лидер Леониддин шайы кетип, жүрбөй калды. Топ баштап келаткан бизден башкалар озуп кете башташты.   Мен ага кылчактап, анын терин аарчып, суусун берип келаткан элем, «Леня сага эмне болду?» дедим. Ал «менин шайым кетип, мындан ары жүрбөй калдым» деди. «Менин майкамды бекем кармачы. Мен сени марага чейин сүрөөнгө алып барайын» дедим чын пейилден. Бир нече аралык экөөбүз бири-бирибизге чиркешип, «паровоз» болуп  эптеп, аны сүйрөп, чуркап бараттым. Менде күч кубат бар эле. Эгерде мен Мосиеевге каралап, кылчактап, аны сүйрөп, бир далай убактымды коротпогондо германиялык Вальдемар Церпинскини жана голландиялык Герард Нойбурду жөн эле кууп жетип, марага биринчи келүүгө мүмкүнчүлүгүм, дем, күч-кубатым жетмек. Финишке жакын калганда Леонид такыр эле жүрбөй, шайы кетип болбой калды. Ошондо гана мен демилгени колго алып, ага кылчактабай алдыга чуркоо керектигин түшүндүм. Бирок, алдыга кеткен атаандаштарды кууп жетип, андан ашып кетүүгө мүмкүн эмес, кеч болуп бараткан… Ошондой болсо дагы чымырканып, марага үчүнчү келип, зор мамлекет болгон СССРдин ар-намысын сактап калдым.  Ишенесиңби, досум деп жүргөн Леонид Моисеев мелдештен кийин эмне дегенин. «Мен сенсиз деле финишке чейин жетмекмин. Жөн гана сенин биринчи болушуңду, алтын медаль тагынышыңды каалаган эмесмин» десе болобу?! Ошол жерден жалпы стадиондогу миңдеген күйөрмандарын, чет өлкөлүк меймандардын көзүнчө тумшуктан ары бир урайын деп, советтик этиканы сактап, сабыр кылып, тилимди тишиме каттым. Кийин болсо «мен Сатымкулду мага кылчактабай алдыга чурка,- деп айткам» деп, калп айтып жүрөт. Москва олимпиадалык марафонунун чыныгы тарыхы ушундай, иничек.

– Мындай жорук адилеттикке жатпайт го…

-Эмне демекмин. Мурда айттым го, Моисеев лидер болчу деп. Андан башка дагы нени кошумчаламак элем. СССРдин командалык тартиби темирдей бекем болчу. «Ушундай тартипте чуркайсыңар, Моисеевди гана колдоп, сүрөөнгө аласыңар. Ал биринчи болушу керек», деген тапшырма берилген да. Айла кеткенде гана мен акыркы мүнөттөрдө гана анын шайы кетип, жүрбөй калганда да таштабай, майкамды карматып, сүйрөп келсем дагы, убакыттын баарын алып, «мага карабай, алдыга чурка» дегенге жараган жок да…

Сатымкул агай менен аңемелешүүбүзгө бир аз чекит коюп, Москва олимпиадасынын марафону тууралуу кененирээк маалымат берели.

Москва Олимпиадасында 42 километр 195 метр марафондук жарышка 43 өлкөнүн жөө күлүктөрү күч сынашкан. Ошол мезгилдеги СССР командасында Европа чемпиону Леонид Моисеев, союздун чемпиону Владимир Котов СССРдин биринчили­гинде күмүш медаль жеңген жердешибиз Сатымкул Жуманазаров бар эле.

Марафондо 35 км аралыкта кимдин ким экени, чеберчилиги аныкталып калат. Алгач алдыга жутунган В. Котов артта кала берди. Мексикалык Р.Гомес алдыга чыгып топ баштап баратты. Сатымкул алдыңкы топтон калбай Леонид Мосеевди колдоп, сүрөп келаткан. Монералдагы олимпиада чемпиону немец Вальдемар Церпински да байгеге жутунуп, алдыга озууга аракет кыла баштады. Голлан­диялык күлүк Г.Нейбур да Сатымкулдан калбай келатты.

Сатымкул мурда айтылгандай бардык аралыкта Леонид Моисеевди сүрөөнгө алып, аны марага кое берүүгө демөөрчү болуп, терин сүртүп, суусундук берип келаткан. СССРдин спорт жетекчилеринин тапшырмасы да, тактикада ошондой болчу. Леонид да шайы кетип, чарчап, жүрбөй калса дагы,  өжөрлөнүп, Сатымкулдун майкасынан кармап, экөө чиркешип чуркап,  алдыга кое бербей, алаксытып, убактысын алып койду. Өнөгүн таштап, алдыга кете бербей кылчактап калган  эле Сатымкул. Леониддин кытмыр, арамзаа оюн билгенде, Сатымкул салбайт беле кызыкты! Чийбейт беле сызыкты…

Ошентсе да, кеч болсо да марага үчүнчү келип,  42 километр аралыкты 2 саат 11 минута 16 секундда чуркап өтүп, совет доорундагы марафончулардын олимпиадалык жарышка катышуу тарыхында алгачкы болуп III орунду ээлеп, коло медаль тагынган.

Ал Москва олимпиадасынын алдында “Жердештеримди, Мекенди Олимпиадалык медаль менен кубантууга аракет кылам” деген убадасына  бекем турду. Москва олимпиадасынан кийин дагы беш жыл өлкөнүн намысын коргоду.

Чынында 42 километр талбай чуркаш кыйын эле. Бул аралыкты аргымактар араң чуркайт. Сатымкул агай Талас аймагынын Көк-Дөбө айылынын кулуну. Сатымкул Жуманузаров 1851-жылы 17-сентябрда Талас облусунун «Манас» районунун Көк-Дөбө айылында туулган. Ата-эненин жалгыз уулу болгон. Апасы жашында каза болуп, жетимчиликтин азабын тарткан. Жеңил атлетика менен 1968-жылдан баштап машыкканы айтып калаар эле.

Эл аралык мелдештерге  нечен ирет байге алган. Сөзгө да чечен, төгүп, жамактап ырдап, күпүлдөп «Манас» айтып жибермей өнөрү да бар эле.

Ал 1974-жылы  «Правда» гезитинин байгесине арналган жеңил атлетикалык кросстун бүткүл союздук финалында 4 километр аралыкка чуркоодо  марага 2чи болуп келген.  СССРдин чемпионатында 10 километр аралыкка чуркоодо коло жана күмүш медалдарга ээ болгон.

Даңазалуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров СССР элдеринин VII Спарта­киадасында коло медалга ээ болуу менен тагдырын биротоло марафондук жарышка арнаган. 1976-жылдан бери түрдүү, эл аралык марафондук  мөрөй талашууларга катышып, такталды. Польшанын Дебно шаарындагы эл аралык марафондо  жүздөгөн марафончулардын катарынан- 2 саат 16 минута чуркап, марага төртүнчү болуп келген.

1977-жылы Прагада өткөн Европанын биринчилигинде Сатымкул күмүш медаль тагынды. Сатымкул агай андан кийин дагы далай мелдештерде мөрөй алып, намыска жарап берди. 1977—80-жылдары СССР чемпионаттарында күмүш медалдарды уткан. ЯпонияГерманияГрецияФинляндияда өткөрүлгөн марафондук чуркоолордо да жеңиштерге жетишкен.

Ошентип Сатымкул Жуманазаров 1986-жылы чоң спорт, марафондук жарыш менен коштошту. Чынында беш баланы багып, тарбиялоо үчүн машыктыруучулук ишке барууну чечкен. Бирок тилекке каршы ошол мезгилдеги спорт жетекчилер ага машыктыруучулук ишти да ыраа көрбөй, жумушсуз калган.

Жеке турмушу тууралуу айтсак. 1974-жылы 12-апрелде машыктыруучусуна айтпай, жашырынып Каракол шаарындагы педагогикалык институтта окуган Сүйүнбүбү Эшалиева аттуу кызга үйлөнгөн. Себеби бир жумадан кийин Бишкекте “Правда” гезитинин байгесине арналган союздук мелдеште чуркамак. Ал кызды 2-3 жолу киного киргизип, Караколдон Таласка чейин 300 рублге такси жалдап, ала качып барган. Экөө ынтымактуу жашап, беш балалуу болушкан. Учурда сегиз небереси бар. 15 жаштагы эгиз неберелери Мирайым менен Нурайым дагы жеңил атлетика ийримине катышып жүрүшөт.

Сатымкул Жуманазаров 1976-жылы «СССР спортунун чебери», 1979-жылы «СССР спортунун эл аралык класстагы чебери, 1981-жылы СССР спортунун эмгек сиңирген чебери» деген ардак наамдарга арзыган болсо да, эл айтып жүргөндөй “Волга” автоунаасын мамлекет бекер белекке бербей, кезексиз 15 миң 203 рублге сатып алган. Андан да 3 рубли жетпей калып, аны эртеси алып барып, анан автоунааны айдап кеткен. Сатымкул агай комузду мыкты чертип, жамактатып төгүп да ырдаган талант эле. Элдик ырларды да мыкты аткарчу. Советтер Союзу ыдыраган учурда жумушсуз калып, “Волгасын” сатып, “Жигули” алып, намыстанбай эле таксист болуп, үй-бүлөсүн баккан. “Марафондо чуркап бараткандай шашпай, жол эрежелерин бузбай айдачы”, — деп эскертип калчу элем дейт байбичеси Сүйүнбүбү эже.

Сатымкул агай эгемендик алган алгачкы жылдары аны эч ким колдоого албай койгонун, мыкты деген ишкерлер айткан сунуштарына көңүл бурбай, бай тажрыйбасын жаштарга үйрөтүүгө шарт түзүлбөй калганын арман кылып айткан эле.
Ошондон эле Сатымкул агай тоого чыкканды, жаратылышта жүргөндү жактырчу. Сууда дагы мыкты сүзүп, көлдө алыска чабак уруп, бир саатка чукул көлдө сүзүп жүрө берчи. Чуркаганда чарчоону билбеген, энергиясы ашып-ташып турчу эле дешет бирге машыккан курбулары.

Ал СССР — Американын жолдоштук беттешүүлөрүндө 1000 метрге чуркоодо марага биринчи келген. Жуманазаровду спорт коомчулугу ХХ кылымдын эң мыкты жөө күлүгү деп атап, сый-урмат көрсөткөн. Спорттогу жетишкендиктери үчүн бир катар орден-медалдар менен сыйланган.

   

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда Сатымкул Жуманазаров атындагы балдар жана жаштардын олимпиадалык резерв спорт мектеби бар.

2007-жылы 2-апрелде кырсыктан улам каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Ар жыл сайын Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика федерациясынын президенти, Дене тарбия, жаштар саясаты жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкуловдун демилгеси жана колдоосу менен   Москва олимпиадасынын коло байге ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине  арналган эл аралык жеңил атлетика турнир өткөрүлүп жүрөт. Ошондой эле Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жана Бишкек мэриясынын спорт ишмерлер үчүн Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлыгы берилип келатат. Анын спорттук жеңиштери жаштарга үлгү, өрнөк болуп саналат. Сатымкул Жуманазаровдун кыргыз спортуна кошкон салымын унутууга акыбыз жок. Кыргыз барда Сатымкулдун ысымы унутулбайт.

Эскертүү:  Очерк кыскартылып берилди. мурдакы бөлүктөрдө кыргызстандык олимпиада чемпиондору Татьяна Колпакова, Каныбек Осмоналиев, Николай Чернецкий, Александр Блинов, коло байге ээси Александр Абушахметов тууралуу кеп болгон эле. Эмки бөлүктөрдө   олимпиадада байгелүү бешинчи орунду камсыз кылган Марина Сысоева, олимпиадага күбө болуп келишкен кыргызстандык спорт күйөрмандары  тууралуу кеңири баяндалат.)  

Кабыл Макешов,   КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы

 Атайын “Кыргыз тудей” үчүн даярдалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: